Вивальди Антонио
Антонио Вивальди (4/3/1678, Венеция — 28/7/1741, Вена) - италиялык композитор, скрипач, окутуучу жана дирижёр.
Вивальди - 18 кылымдагы италиялык скрипка өнөрүнүн ири өкүлү.
Ал аткаруучулуктун жаңы (драмалаштырылган, башкача айтканда, ломбарддык) манерасын ырастаган.
Жалгыз (Сольный) инструменталдык концерт жанрын жараткан, виртуоздуу скрипка техникасынын өнүгүшүнө өзгөчө таасир эткен.
Ансамбль-оркестрдик концертинин(кончерто гроссо, concerto grosso) чебери.
В. concerto grosso үчүн 3 бөлүмдүү цикл формасын түзгөн жана солисттин виртуоздуу партиясын айрыкча белгилеп койгон.
В-нин инструменталдык концерттери классикалык симфониянын жаралуусунунда маанилүү этап болгон.
В-нин концерттери көптөгөн европалык композиторлорго, алардын ичинде И.С. Бахка, концерт жанрында үлгү болгон. Бах И.С.
В-нин 20 дай скрипка концерттерин клавесин жана органга салган.
20-кылымда гана В-нин чыгармаларынын толук жыйнагын, 73 трио-соната жана 447 концерт, чыгарууга аракет кылынган.
Сиенада В. атындагы Италия институту ачылган.
| Антонио Вивальди Уикиказынада? |