Вико, Жиамбаттиста
Wikipedia дан
| Толук аты-жөнү | Жиамбаттиста Вико |
|---|---|
| Англис тилинде | Giambattista Vico |
| Төрөлгөн | 23.6.1668 Неаполь |
| Көз жумган | 21.1.1744 Неаполь |
| Кызыккан темалар | Тарых философиясы |
Вико Жиамбаттиста ((итал. Giambattista Vico, 23 июнь 1668, Неаполь — 21 январь1744, Неаполь) – «айланып туруу» теориясын иштеп чыккан италиялык философ, социолог, Асаполь университетинин профессору.
Бул теория боюнча ар бир эл өнүгүшүндө үч доорду:
- Кудайлар доору-мамлекеттик түзүлүшкө чейин;
- Баатырлар доору ак сөөктүк мамлекет:
- Адамзаттык доор-демократтык республика же өкүлдүк монархия басып өтөт.
Виконун ою боюнча ар бир доор –каршы таптардын таймашынын натыйжасынын жыйындысы, ал эми мамлекет болсо эзилген элди баш ийдирүү үчүн түзүлөт. Виконун окуусунун негизинде коом өз өнүгүшүнүн эң жогорку баскычына жеткенден кийин кулайт да, баштапкы абалына келип, кайрадан өнүгө баштайт деген идея жатат. Анын окуусунда идеалисттик өксүктөр болсо да, коом мыйзамдары жөнүндөгү пикирлери прогрессчил мааниге ээ.
Колдонулган адабияттар [оңдоо]
- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (Энциклопедиялык окуу куралы).-Б.:2004,ISBN9967-14020-8.
