Норберт Винер

Википедия дан
Винер, Норберт‎»‎ барагынан багытталды)
Норберт Винер
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Norbert Wiener
Туулган жылы: 1894-жылы 26-ноябрь 1894-жыл
Туулган жери: Колумбия, Кан айылы-Кыргыз Республикасынын Баткен районуна караштуу айыл, США
Өлкө: АКШ
Альма-матер: Колледж Тафтс BA 1909
Гарвардский университет PhD 1912
Иштеген жери Массачусетс технологиялык институту
Каза болгон жылы: 18-март 1964-жыл (70 жашында)
Каза болгон жери: Стокгольм, Швеция
Ишмердүүлүгү: Математика
Кибернетика
Ишмердиги: кибернетикага негиз салуучу

Норберт Винер (англ. Norbert Wiener Туулганы - 26-ноябрь 1894-жыл, Колумбия, штат Миссури, Каза болгону - АКШ — 18-март 1964-жыл, Стокгольм, Швеция) — америкалык окумуштуу, көрүнүктүү математик жана философ, кибернетиканы жана жасалма интеллект теориясын түзүүчү.

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Норберт Винер 1894-жылдын 26-ноябрында еврейдин үй-бүлөсүндө туулган. Берта Кан деген энеси Германиялыктардын тукумунан. Атасы Лео Винер (1862—1939-ж.ж.) Варшавада медицинаны, инженердик ишти Берлинден окуган, АКШга көчүп келгенден кийин Гарвард университетинде славян тилдери жана адабияты кафедрасынын профессору болуп иштеген.
Винер 4 жашында эле атасы китепканасына киргизет, 7 жашында ал дарвинизм боюнча биринчи илимий чыгармасын жазган. Норберт орто мектепте чынында окуган эмес.
Бирок 11инде барктуу Тафт-колледжге кирет, 3 жылдан кийин аны көркөм өнөр бакалавры даражасы менен мыкты окуп бүтүрөт.

Норберт Винер 18 жашында математикалык логика боюнча Корнелль жана Гарвард университеттеринде философиянын доктору наамын алат. 19 жашында доктор Винер Массачусетс технологиялык институтуна математика кафедрасына чакырылат.

1913-жылы 19 жаштагы Винер Европага саякатка чыгат, Кембрижде Б. Рассел менен Г. Хардинин лекцияларын, ал эми Гёттингенде Д. Гильберттин лекцияларын угат. 1914-жылы согуш башталгандан кийин Америкага кара келет. Европада окуп жүргөндо университеттердин гезиттерине жазып көрөт, өзү да лекция окуйт, заводдо да 2 ай инженер болуп иштейт.

1915-жылы фронтко барууга аракет кылат, бирок көзү начар болгондуктан медкомиссиядан өтпөй, армияга барбай калат. 1919-жылы 25 жашында доктор Винер Массачусетс технологиялык институтуна математика кафедрасында окутуучу болуп калат.
1920—1930-жылдарда ал кайра Европага келет. Бул жылдарда жылдыздардын радиациялык тең салмактуулугу теориясында Винер-Хопф теңдемеси түзүлөт. Винер Пекинде Цинхуа университетинде лекциялар курсун окуйт. Ушул жылдарда ал Н. Бор, М. Борн, Ж. Адамар жана башка белгилүү окумуштуулар менен таанышат.
1926-жылы Маргарет Енгерманга үйлөнөт.

Норберт Винер.

2-дүйнөлүк согуштун алдында Винер Гарвард, Корнелль, Колумбия, Браун, Геттинген университеттеринин профессору болот, Массачусетс институтундагы кафедрасына толук ээлик кылып калат.
Бул жылдарда салыштырмалуулук теориясы жана статистика боюнча, Фурье катарлары жана интегралдары боюнча, потенциалдар теориясы жана сандар теориясы боюнча, жалпыланган гармониялык анализ ж.б. боюнча жүздөгөн эмгектерди жазат.
Согуш учурунда профессор Винер америкалык абадан коргонуу күчтөрү (ПВО) үчүн зениттик ок атуу системаларын башкаруунун математикалык аппаратын түзөт, анын түзгөн ыктымалдык модели ПВО үчүн жаңылык болуп калат.
Винердин «Кибернетика» китеби 1948-жылы чыгат. Өзүнүн өмүрлүк китебин Винер "Кибернетика, же айбанаттар менен машиналар дүйнөсүндөгү башкаруу жана байланыш" («Кибернетика, или управление и связь в животном и машине») деп атаган. Өлөрүнөн бир аз мурда Норберт Винер Америкадагы илим адамы үчүн эн жогорку болгон Окумуштуунун Алтын Медалы менен сыйланган. Норберт Винер 1964-жылдын 18-мартында Стокгольмдо дүйнөдөн кайтат.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Илимий 5 сыйлыгы бар (анын ичинде, АКШнын илим жагындагы Улуттук сыйлыгы);
Үч университетте Философиянын ардактуу доктору.

Негизги китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Винердин «Кибернетика» китеби Г. Н. Поваровдун редакциясы астында орусча 1958-жылы чыккан,
зкинчи жолу (америкалык кеңейтилилген басылышын эске алуу менен) — 1968-ж., андан кийин бир нече жолу басылды.
1. Н. Винер. Кибернетика, или Управление и связь в животном и машине. М.: Советское радио, 1958
2. Н. Винер. Нелинейные задачи в теории случайных процессов. М.: ИЛ, 1961, 158 стр. с илл.
3. Н. Винер. Управление и связь в животном и машине. Новые главы кибернетики. М.: Советское радио, 1963
4. Н. Винер. Я-математик. М.: Наука, 1964, В 48 51 (09) УДК 510 (092), 354 стр. с илл., тир. 50000 экз.
5. Н. Винер. Интеграл Фурье и некоторые его приложения. М.: Физматлит, 517.2 В 48, 256 стр. с илл., тир. 16000 экз.
6. Н. Винер. Кибернетика, или Управление и связь в животном и машине. 2-е изд. М.: Советское радио, 1968

Кибернетика Париж, 1948-ж.

Орусча чыккан башка эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башкасын дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Почта маркасы Молдова, 2000-ж.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Викицитатник

Калып:Искусственный интеллект