Гадолиний

Википедия дан
Гадолиний.

Гадолиний (лат. Gadolinium, Gd) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 6-мезгилинин III В группа элементи. К.н. 64, ат. м. 157,25. Г. массалык сандары 143Gd - 162Gd болгон 20 изотобу белгилүү, алардын ичинен жаратылышта массалык сандары 151Gd, 154Gd, 155Gd, 156Gd, 157Gd, 158Gd, 160Gd болгон жети изотобу табылган. Г. жер кыртышында 110-3 % массалык санда кездешет. Г. 1880-ж. швейц. химик Жан Шарль Галиссар де Мариньяк 1-жолу оксиди (Gd2O3) түрүндө бөлүп алган. Г. күмүш түстөгү ак металл; балкып эрүү темп-расы 1312оС; к. темп-расы 3280оС; бирикмелеринде +3 окистенүү даражасын көрсөтөт; анын окистенүү-калыбына келүү потенциалы -2,40 га барабар. Г. бирикмелери (Gd2O3, Gd2S3 жана башкалар) жарым өткөргүчтүк касиетке ээ болгондуктан оптоэлектроникада колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]