Галловей ую

Википедия дан
Галловей (ургаачы уй).

Галловей ую - эт багытындагы бодо мал. Шотландиянын Галловей районунда багылат. Британ аралындагы эң байыркы породалардан. Галловей ую токол болот, көбүнчө кара, кара күрөң, кызыл жана ала бөйрөк түстөгүлөрү кездешет. Башка породалар менен аргындаштырганда бул белгилери тукумдарына берилет. Денеси чымыр, мойну жоон, төшү жайык, соорусу бийик, буттары кыска жана ичке, өзү эткээл. Букасынын салмагы 750-850 кг,инегиники 400-850 кг. Эти сапаттуу, сойгондо 65-70% эт алынат. Музоосу 6-7 айга чейин сүт эмет. Ар уйдан жылына 1500-1700 кг сүт саалат. Галловей ую IXXкылымдын аягында Канада менен АКШга алып барылган. Башка породалар менен аргындаштыруу максатында СССРге да алып келинген. Кыргызстанда Тоң районунда багылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]