Гангрена

Wikipedia дан
Кол манжаларын гангренасы

Гангрена — ткандардын бузулушунун (жансызданышынын) бир түрү. Гангренада ткань суусун тез жоготот (кургак гангрена), анын кесепетинен жабыркаган жер кургап, бүрүшүп, катууланат, түсү кочкул күрөң тартат (мумификация жараяны деп аталат).

Ткань өтө нымдуу болгон учурда ириңдүү инфекция пайда болот. Мында ткань киргилтжашыл же бозомтук кара түстөгү сасык жыттуу жумшак массага айланат (нымдуу гангрена). Бул учурда организм ткандардын ажыроосунан пайда болгон продуктулардан ууланып, дене ысыйт, организмдин жалпы абалы начарлайт.

Гангрена көбүнчө кан тамырлар аз жерде же органда (мисалы: манжаларда, чеңгелде, бут кетменинде, кулак калканында) болот. Ал көбүнчө орган же ткань кан менен камсыз болбой калган учурда (кан тамыр бүтөлүп калганда.
Мисалы: тромбдо, кан тамыр жабыркаганда, атеросклероздо, кан тамыр тарыганда), ошондой эле ар кандай мех. (кан токтоткуч буугуч жана шакшак менен көпкө таңганда), химиялык (кычкылдык, жегич жана башка таасир эткенде) жана физикалык (50°тан жогору жана —20°тан төмөн температура, альфа же бета нурларына чалдыгуу жана башка) фактордун таасиринен пайда болот. Жүрөк кан тамыр тутумун начарлашы, авитаминоз, зат алмашуунун бузулушу, алкоголь жана никотин менен өнөкөт уулануу жана башка гангренанын өөрчүшүнө түрткү берет. Ошондуктан гангренага алып келүүчү ооруларды өз убагында дарылоо зарыл.

Сандын артериясынын тромбозунда тромбду эрте алып таштаганда толук сакайып кетет, кечеңдетүү дайыма гангренага алып келет. Компресс, шакшак, кан токтотуучу буугучту туура коюу керек (Сөөктүн муундан чыгышы, Сынык, Компресс, Кан агуу). Гангрена болгон учурда жабыркаган органды ампутация жасоого туура келет.



Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8