Гандизм

Википедия дан

Гандизм - М. К. Ганди (1869-1948) иштеп чыккан коомдук-саясий жана диний-философиялык окуу, индия элинин улуттук-боштондук кыймылынын идеологиясы. Гандизмдин негизги саясий принциптери: көзкаранды эместикке, Индиянын эгемендүүлүгүнө тынчтык жол менен күч колдонбой, күрөшкө кеңири массаны, элдин бардык катмарларын катыштыруу аркылуу, согушсуз жетүү; Индиянын улуттук конгрессинин жетекчилиги астында, кастасына, улутуна, динине карабай, бардык индиялыктарды боштондук үчүн күрөшкө бириктирүү. Гандизмдин дагы бир олуттуу өзгөчөлүгү: патриархалдыкмамилелердиидеалдаштыруу, айыл жамаатташтыгын кайрадан калыбына келтирүү чакырыгы, элдин диний сезимдерин жандандырууга колдоо көрсөтүү болгон. Ал тандап алган күрөштүн тактикасы сатьяграха (акыйкаттагы туруктуулук) деп аталып, эки формада кызматташпоо жана жарандык баш ийбестик көрсөтүү аркылуу жүзөгө ашырылган. Кызматташпоо деген, англичандар ыйгарымыш эткен мансап даражаларынан баш тартуу, окуу жайларда өкмөт атайын уюштурган тынч демонстрацияларга бойкот жарыялоо, ал эми жарандык баш ийбестик колониячыл бийликтин айрым мыйзамдарын бузуу, саясий ишташтоого чыгуу, кээ бир учурларда салык төлөөдөн баш тартуу сыяктуу ишчаралардан турган. Гандизм тактикасына оторчул бийлик менен болгон жаңжалдарды, коомдук келишпестиктерди сүйлөшүү, макулдашуу жолдору менен чечүүгө умтулуу мүнөздүү. Гандизмдинфилософиялык системасы Кудай менен Акыйкатты төп катары эсептөөдөн келип чыгат. Бул окуунун мүнөздүү белгиси коомдук иштерди адептештирүү, көп нерселерден өзүн ыктыярдуу түрдө чектөө. Ошондуктан гандизмдин автору саясий максаттарга караганда, ага жетүүнүн моралдык каражаттарын биринчи орунга койгон. Индия эгемендүүлүккө жеткенден (1947) кийинки мезгилде бул агымдын коомду социалдык, экономикалык, саясий жактан өнүктүрүү методдорун колдонуу маселелери боюнчагандизмдин жолун жолдоочулардын арасында олуттуу пикир келишпегендиктер бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]