Гардизи

Wikipedia дан

Гардизи Абу Саид Абдал-Хайй (1008/1009-өлгөн жылы белгисиз) - Иран тарыхчысы, окумуштуу.
Газневилик султан Абдырашиттин (1049-59-ж.) тушунда Гардизи өзүнүн «Зайн-ал-ахбар» («Кабарларды кооздоп сүрөттөө») деген тарыхый эмгегин жазган. Бул эмгегинде Иран халифаты жана Хорасандын тарыхын изилдеген. Анда түркий тилде сүйлөгөн элдер жөнүндө, аныны ичинде кыргыздар тууралуу баалуу маалыматтар, даректүү баяндар жолугат. Айрыкча кыргыздар жөнүндөгү маалыматтарда ибн Мустафа, ибн Хордадбек, Жайхани жана башка орто кылымдагы окумуштуулардын эмгектерин колдонгон. Гардизигин кыргыздар тууралуу маалыматтары «Худуд ал Аалам», «Мажму ат-Таварих» жана башка булактар менен дал келет. Гардизинин берген далилдер кыргыздардын этностук, саясий, маданий тарыхын үйрөнүүдө өтө маанилүү.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Кыргыз тарыхы энциклопедия. 2003-ж.


Айрым шилтемелер[оңдоо]