Жузеппе Гарибальди

Википедия дан
Гарибальди, Джузеппе‎»‎ барагынан багытталды)

Джузе́ппе Гариба́льди (1807, Ницца — 1882, Капрера аралы) — Италия эл баатыры, Риссорджиментонун революциялык канаттын жетекчилеринен бири, мемуарлардын автору.


Жаштыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Улуту боюнча генуялык, деңизчи Доменико Гарибальдинин (1766-1841) баласы, Гарибальди 1807 жылы 4 июлда Ниццада туулган.

Ал жаш кезинде Ортожер жана Кара деңиздердеги соода кемелерде деңизчи болуп жүрдү. 25 жашында Гарибальди биринчи жолу «Nostra Signora delle Grazie» аттуу бригантинанын капитаны болуп даяндалат.

1833 жылы Апрель айында Гарибальдинин “Клоринда” кемеси Таганрогко кирет. Ошол жерде Гарибальди саясий эмигрант Джованни Баттиста Кунео менен таанышып “Жаш Италия” деген жашырын коомго кирет. Бул коом Италияны австриялыктардын үстөмдүгүнөн бошотуу, өлкөнү бириктирүү жана республикалык башкарууну орнотуу максаттарды коюшкан.