Гартман, Эдуард
| Толук аты-жөнү | Эдуард фон Гартман |
|---|---|
| Англис тилинде | Eduard von Hartmann |
| Төрөлгөн | 23.02.1842 Германия, Берлин |
| Көз жумган | 05.06.1906 Берлин, Грослихтерфельде |
| Кызыккан темалар | психология, пессимизм, акылдан тышкары |
|
Таасир бергендер
|
|
|
Таасир алгандар
|
|
Гардман Эдуард (1842–1906) – немец философу, иррационализм ж-а волюнтаризм агымынын өкүлү.
Гартман Гегель м-н Шопенгауэрдин философияларын бириктирип, аны бир динамикалык метафизикага айландырып, Шеллингдин философиясынын алынган «акылдан тышкары» (бессознательное) түшүнүгүн киргизип, ошондой эле Лейбництин индивидуалдуулуктар жөнүндө окуусун ж-а учурдагы табият илиминдеги реализмди колдонуп өзүнүн системасын түзгөн. Г. спекулятивдик-индуктивдик методдун жардамы аркасында аң-сезимдин ичинен аң-сезимден тышкары жаткан (аң-сезимдин трансценденттик тарабы) акылдан тышкары нерсени аныктаганга умтулган. Адамдарда ушул акылдан тышкаркы нерсе рух дүйнөсүн түзөт. Дүйнөлүк процесстин өнүгүүсүндө акыл-эс канчалык жогору көтөрүлсө, ал ошончолук төмөнкү абалды түшүнөт: бардык каалоо, эңсөө, бактысыздыкты, азап чегүүнү алып келет, ошондуктан бакыт каалоодон баш тартуу гана абалдардын эң жакшысына – оңойлукка, бакыттын бирден бир түрү ж-а ордун баскан нерсеге алып келет. Оңойлукка жетүү үчүн адамзат үстөмдүк кылган үч иллюзиядан: жашоо-тиричиликтеги бакыттан, тиги дүйнөдөгү бакыттан, коомду оңдоо ж-а өркүндөтүүнүн аркасында жетишкен бакыттан кутулушу керек. Г. иудей ж-а христиан диндерине каршы чыккан.