Гастроэнтерит

Википедия дан

Гастроэнтерит - (гастро... жана гр. enteron ичеги) адам жана жаныбардын карыны мененичке ичегисинин сезгенүүсү. Адам тамактан ууланганда, бактерия жукканда, сапатсыз суу ичкенде, түрдүү ооруларда, оор металлдар, к-та, сымап жана башка менен ууланганда болот. Катуу кармаган жана өнөкөт түрүндө өтөт. Көп убакта жоон ичегинин жабыркашы менен коштолот. Катуу кармаган гастроэнтритте карынды жууп, бутка жылыткыч коюп, карын менен ичегинин секрет чыгаруу функциясын жөнгө салуучу дарылар берилет. Өнөкөт түрүндө узак убакыт диета кармоо, тамактануу режимин сактоо зарыл жана тиешелүү дарылар менен дарылоо жүргүзүлөт. Жаныбарда бузулган тоюттан, Химиялыкжана өсүмдүк ууларынан, жугуштуу оорулардан кийин пайда болот. Ылаңдаган мал араң басып, үргүлөйт, жалпы абалы начарлайт, жем, чөпкө анча табити тартпайт, кепшебейт, ичи курулдап, чычкактайт, деми кыстыгат. Дарылоодо карынын жууп, ич алдыруучу, куруштургуч, дезинфекциялоочу жана башка бактерияга каршы дарылар берилет. Алдыналуу үчүн малды азыктандырууда зоогигиеналык талаптарды сактоо зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]