Гаттерия туатара

Википедия дан
Гаттерия‎»‎ барагынан багытталды)
Гаттерия туатара.

Гаттерия туатара (лат. Sphenodon punctatus) — сойлоочулардын тумшук баш классчасынын триас мезгилинде өткөн өкүлү.

Азыркы кезде калган жалгыз түрү Жаны Зеландияда жашайт. Денесинин уз. 75 см дей, кескелдирикке окшош. Күндүз ийинде болуп, кечкисин жана түнкүсүн азык издейт. Кургак жерде жайыраак сойлоп, сууда жакшы сүзөт. Окт.— декабрда жумуртка таштап, көөмп коёт. 12—15 айдан кийин кичинекей Гаттерия чыгат. Гаттерия түрдүү курт-кумурсканы, бороончулардын жумурткасын, балапандарын ж-а моллюскаларды жейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]