Гаудапада

Википедия дан
गौडपाद

Гаудапада (болжол менен 7–8-кылымдарда жашаган) – байыркы индус ойчулу, адвайта-ведантанын биринчи систематикалык түшүндүрмөсүнүн автору. Бизге жеткен маалыматтар боюнча Гаудапада Шанкаранын окутуучусу Говинданын үйрөтүүчүсү, устаты болгон. «Мандукья-упанишаданын» комментариясы «Мандукья-корикада» Гаудапада адвайта-ведантанын маанилүү маселелерин: брахман менен атмандын бирдейлигин, бошонуунун, кутулуунун ыкмасы катары майя, акылмандулукту («джняна»), абсолюттун таптакыр түшүнүк-сүздүгүн ж. б. анализдейт. Гаудапада окуусунда ага чоң таасир берген (өзгөчө мадхьямиканын негативдик логикасы) буддизм менен көп окшоштуктары бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004, ISBN 9967-14-020-8