Гедонизм

Wikipedia дан

Гедонизм (бай.грек. ηδονή, лат. hedone – ыракат, жыргал) – адамдын адеп-ахлак жүрүм -турумунун максаты, далили же мотиви катары сезимдин, көңүлдүн ыракатын, жыргалын эсептеген этикалык багыт.

Гедонизм боюнча жакшылык – бул азап чегүүдөн кутулуп, ыракаттануу, ал эми жамандык – жапа чегүү, мээнет. Гедонизмди байыркы Грецияда Киреналык Аристипп негиздеген (ошол себептен киреналыктардын философиясы деп аталат). Өзүнүн эң өнүккөн формасы Эпикурдун окуусунда чагылдырылган.

Гедонисттердин айтуусу боюнча ийгилик кайрымдуулук – бул ыракаттанууга жөндөмдүүлүк, бирок билимдүү, көрөгөч, акылман адам гана туура ыракаттана алат. Себеби ал ар бир пайда болгон эңсөөгө сокур жетеленбей, ыракаттан жогору турат. Байыркы гедонисттер шайыр мүнөздүү, адамдар менен пикир алмашуунун ыракатын же болбосо нааразылык менен кеселден тышкары болууну жогорку ыракат деп санашкан. Гельвеций менен Ламетри гедонист болушкан.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8