Гейзенберг, Вернер
| Werner Karl Heisenberg | |
Вернер Гейзенберг, 1933 жыл |
|
| Туулган жылы: | |
|---|---|
| Туулган жери: |
Вюрцбург, Немис империясы |
| Каза болгон жылы: | |
| Каза болгон жери: |
Мюнхен, Германия |
| Өлкө: |
Немис империясы, Веймар республикасы, үчүнчү рейх,ГФР |
| Илимий чөйрөсү: |
Теоретикалык физика |
| Иштеген жери: |
Геттинген унверситети, |
| Альма-матер: |
Мюнхен унверситети |
| Илимий жетекчиси: |
Арнольд Зоммерфельд |
| Белгилүү окуучулары: |
Карл фон Вайцзеккер |
| Белгилүү болгондугу: |
Кванттык механиканын негиздөөчүлөрүнүн бири |
| Белгилүү болгондугу: |
Кванттык механиканын негиздөөчүлөрүнүн бири |
| Сыйлыктары |
|
Вернер Карл Вейзенберг ((нем. Werner Karl Heisenberg; 5 декабрь 1901, Вюрцбург — Бирдин айы 1 күнү 1976, Мюнхен) – немис физик-теоретиги, кванттык механиканын негиз салуучусу.
Кванттык электродинамиканын, талаанын кванттык теориясын, ядронун теориясын, космостук жарыктын таралуусунун физикасын, элементардык бөлүкчөлөрүн теориясын өнүктүрүүдө орчундуу салым кошкон.
Классикалык түшүнүктөрдү микро дүйнөгө колдонуусун чектеген дайынсыздыктардын катнаштарын формулировкалаган. Бул пикир боюнча, атомдордун ички процесстерин так себептик түшүндүрүү мүмкүн эмес. Ошондуктан ал себептүүлүктүн мыйзамынан аныктыгын эмес, адамдын себептүүлүк изилдөөсүнүн аныктыгына шек келтирген бир катар гносеологиялык маселелерди жараткан.
Гейзенберг үчүн дайынсыздыктардын катнашы жалгыз эле механиканы эмес, себептүүлүктү материалисттик түшүнүүнүн бардыгын сындаган негиз болуп, теорияда жана экспериментте объективдүүнү жана субъективдүүнү так ажыратуунун керектигин танууга алып келген. Өмүрүнүн акыркы жылдарында бүтүн жана бөлүктүн диалектикасын философиялык анализдөөгө чоң көңүл бөлүп, Платондун объективдүү идеалисттик көз караштарына окшош бир катар тыянактарды чыгарган.
Колдонулган адабияттар[оңдоо]
- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8
Шилтемелер[оңдоо]