Гексан

Википедия дан

Гексан, н-гексан, СН3(СН2)4СН3 каныккан углеводород, түссүз суюктук. Молекулярдык салмагы 86,18; эрүү t 95°С; кайноо t 68,95°С. Сууда эрибейт, органикалык эриткичтерде эрийт, орун алмашуу реакциясына кирет. Гексан нефтиде, анын крекингдистилятында, түз буулантып айдалган бензинде кездешет. Синтездик бензиндин башкы бөлүгүн түзөт. Өнөр жайда гексенди гидрлөө, гексамагний галогендерин суу менен ажыратуу, Вюрц реакциясы жана башка жолдор менен алынат. Бензол алууда колдонулуучу бензин фракциясынын курамында болот. 2,2-диметилбутан (неогексан) жана башка изомерлери (диизопропил) мотор отунунун сапатын жакшыртуу үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]