Генеалогия

Wikipedia дан

Генеалогия (грек. genealogia – cанжыра) - – алгач адамдын пайда болушун аныктаган анын ата-тегинин, тукумунун тизмеси.

1. Уруулардын тарыхын, санжырасын, үй-бүлөнүн келип чыгышын, жеке адамдардын тек-жайын, тууганчылык байланыштарын иликтеп үйрөтүүчү тарых илиминин көмөкчү тармагы (биологиядажаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн келип чыгышын үйрөтөт). Генеалогиянын белгилери илгери эле болсо да, илим катары болжол менен 17–18-кылымда калыптанган;

2. социалдык түзүлүштү жана уруулардын тегин үйрөтүүгө негизделген орто кылымдагы тарых сабагы.

Философияда[оңдоо]

Ал эми философияда генеалогия – бул социалдык- маданий көрүнүштөрдүн өзгөрүлбөстүгүн танган классикалык эмес ыкма Генеалогия Ф. Ницше тарабынан киргизилип, кийин М. Фуко андан ары өнүктүргөн. Генеалогия өзүнө адамдын реалдуу денелик көрүнүшүнүн белгилүү шарттарын камтыган конкреттүү себептердин көпчүлүгүн камтыйт. Ницше моралдын тарыхын сызыктуу өнүгүүнүн алкагында көрсөткөн анын бардык тарыхын пайдалуулукка алып барган утилитаристтик тенденцияга каршы чыккан. Ницшенин айтуусунда сөздөр өзүнүн маанисин өзүнө камтыбайт, каалоолор бир гана нукка багытталбайт, ал эми идеялар өзүнүн логикасын сактабайт.

Тил менен каалоолордун дүйнөсүнө кол салуу, күрөш, байкатпоо жана куулук тааныш. Генеалогия окуялардын укмуштуулугун бир маанилүү натыйжасынан көз карандысыз түбөлүккө калтырат. Генеалогия иш жүзүнө ашпаган же окуяга катышпаган элементтерди да таап чыгат. Ошондуктан, генеалогия майда-бараттардын бардыгын билүүнү, чыдамдуулукту талап кылат жана материалдын эбегейсиз көптүгүнө көз каранды. Генеалогия бир түрдүү болуп көрүнгөн нерсенин гетерогендүүлүгүн таап, айкындайт. Натыйжада, Генеалогия өзүн денеге бириктирет. Ницшенин айтуусунда генеалогия ролу моралдын, идеалдардын, метафизикалык концепциялардын, эркиндиктин же аскеттик жашоонун концепцияларынын тарыхын жазуу эсептелет.

Маалыматтын булагы[оңдоо]