Генетикалык структурализм

Википедия дан

Генетикалык структурализм – Пьер Бурдье негиздеген постструктуралисттик интегративдик социологиялык концепция.

Структуралисттик методология социологиялык изилдөөлөрдүн предметтик аймагын аныктоого Бурдьеге мүмкүндүк берген. «Эпистемалогиялык мектеп» менен структурализм боюнча социалдык дүйнөдө адамдардын эркинен жана аң-сезиминен көз карандысыз объективдүү түзүлүштөр бар. Алар тажрыйбаны иш жүзүнө ашырууда мүмкүнчүлүктөрдү түзө алышат же тескерисинче токтотуп, басаңдатып, чектейт. «Эпистемалогиялык мектеп» тарыхый реалдуулуктун негизинде мамилелердин түзүлүшүнүн пайда болуусунун тарыхын окуп үйрөнүүнүн зарылчылыгын белгилейт.

Бурдьенин пикири боюнча, социология тек гана структуралардын бар экендигин констатациялабай, учурдагы тарыхый процесстин жыйынтыгы болгон структуралардын пайда болуусун изилдөөгө тийиш, ошондой эле структуранын ар бир абалынан бир эле убакытта мурда болгон трансформация үчүн же структураны сактап калуу үчүн күрөштү же боло турган трансформациялардын принцибин таба алган «структуралык тарыхты» түзүү керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8