Гений

Википедия дан

Гений (лат. genius) – үйдү, үй-бүлөлүк очокту, бүлөнү, шаарды, мамлекетти, коргоочу табияттан тышкары мифтик образды түшүндүргөн, римдиктерде пайда болгон түшүнүк.

Азыркы учурда дүйнөлүк адабиятта түшүнүүнүн оригиналдык жөндөмдүүлүгү катары чыккан чыгармачылык зээндүүлүктүн эң жогорку баскычы жана ушундай зээндүлүгү бар адам. 18-кылымдагы немис поэзиясы менен философиясында Гений – бул көрүнүктүү, бөтөнчө адам. Кант гениалдуу адамды «табияттын сүймөнчүгү» атап, ал эми Гений – бул рухий тубаса касиет деп айтат. Ушул тубаса касиеттин аркасынан жаратылыш жалгыз же илимге эмес, искусстволорго да эреже тапшырат.

Гамман, Гердер жана «Бороон жана кысым» учурундагы Генийдин культуна кошулуп, Гете Генийди эң жогорку форма жаратуучу жөндөмдүүлүк катары түшүндүрөт; Шиллер Генийди чыгармачылык аңкоолук катары караган. Ницше дагы чыгармачылык балалыкты Генийдин негизги сапаты деп эсептеген.

Жаңы Мезгилде Гений менен акылдан адашууну бир катарга коюу (Моро де Тур, Ломброзо ж. б.) аракети жасалган. Чынын айтканда көптөгөн гениалдуу адамдар кээде жиндилик абалда (Тассо, Свифт, Ленау, Шуман, Галлер, Ницше) болуп турушкан. Генийдин психопатология, шизофренияга окшоп кеткен чыгармачылыкка чаңкагандыгы, жаратуунун өтө жогорку фазалары, учурдагы психиатрияда кеңири карала элек.

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8