Герма
Wikipedia дан
Герма – 1. Антик көркөм искусство дүйнөсүндө – көкүрөгүнөн өйдө байыркы грек кудайы Герместин скульптуралык элеси түшүрүлгөн жана ылдыйды көздөй түз же куушурулган төрт бурчтуу түркүк. Байыркы Грецияда мындай скульптуралык элестер жолдордун кесилишине орнотулган. 2. Г. – скульптуралык портрет жана портреттик эстелик формаларынын бири. Бул формага элестин ийиндерин кынтыксыз тике кесүү жана анын призма түрүндөгү постамент менен биригип кетиши мүнөздүү.
Колдонулган адабияттар [оңдоо]
- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004