Германий

Википедия дан
Германий

Германий (лат. Germanium) ― Д. И. Менделеев мезгилдик тутуму IVА группа элементи; к.н. 32; ат. м. 72,59. Массалык сандары 70Ge, 72Ge, 73Ge, 74Ge, 76Ge болгон туруктуу изотоптору белгилүү. 1871-жылы Д.И. Менделеев өзүнүн мезгилдик мыйзамы негизинде Германий негизги касиеттерин алдын ала айтып, ал касиеттери боюнча кремнийге окшош болгондуктан аны «экасилиций» деп атаган. 1886-жылы К.Винклер бул элементти ачып, өз өлкөсүнүн урматына «германий» деп койгон. Германий жаратылышта таза кездешпейт. Ал минералдарда, мунай сууларында, көмүрдө, өсүмдүктө, балырда болот. Жер кыртышынын 410-4 % (массасы боюнча) түзөт.

Германий ― металл сымал жалтырак, катуу зат; тыгызд. 5,35 г/см3; балкып эрүү температурасы 58,5°; кайноо температурасы 2850°. Химиялык бирикмелеринде II жана IV валенттүү. Кадимки шартта туруктуу, концентрацияланган күкүрт кислотасында жана падыша арагында жай эрийт. Абада 700 °С жогорку температурада Г.(II) оксидин GeO жана кош (IV) оксидин GeO2 пайда кылат. Ысытканда германий галогендер менен аракеттенип, тиешелүү тетрагалогенидди берет. 1000 °С күкүрт менен аракеттенип сульфиддер: GeS, GeS2, суутек менен германий суутектүү бирикмесин жана металлдар менен германиддер пайда кылат. Германий түстүү металлургия өнөр жайларда GeO оксидин 7000 °С чейин ысытып калыбына келтирүүдөн алынат:

GeO + 2H2= 2Ge + 2H2O

Германий жарым өткөргүч катары радиотехникада, куймалар курамында, линза материалдары катары инфракызыл нурун алууда жана электро аспаптарында колдонулат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6