Герцен, Иванович Александр

Wikipedia дан
Герцен, Иванович Александр

Кыскача өмүр баяны[оңдоо]

Александр Иванович Герцен (1812—1870) — орус философу, батыштык багытка таандык болгон. Помещик Яковлевдин ал Германиядан өзү менен кошо Россияга ала келген немец кыздан төрөлгөн никесиз уулу. Москва университетинин физика-математика факультетин бүтүргөн. Жаш курагында Сен-Симондун окуусуна кызыккан. Ага төмөнкү философиялык чыгармалар таандык: «Илимдеги дилетантизм» (1843), «Жаратылышты иликтеп-үйрөнүү жөнүндөгү каттар» (1845—46), «Уулуна жазылган каттар» — А.А.Герценге (1876).

Герцендин көз карашына таасир эткен философтор[оңдоо]

Герцендин көз карашына Сен-Симондун, Шиллердин, Гегелдин, Фейербахтын, Прудондун идеялары чоң таасир көрсөткөн. Ал үчүн философиядагы маанилүү нерсе — философиялык көз караштарды колдонуунун практикалык жагы, философияны инсандын эркиндиги, социалдык адилеттүүлүк үчүн күрөштө пайдалануу болгон. Ошондуктан анын чыгармаларында материализмди коргогон, ошондой эле идеализмди коргогон эң эле карама-каршы теориялык жоболорду жолуктурууга болот. Мында ал бирдиктүү бир концепцияны тутунган эмес. Ал мындай деп жазат: «жаратылыштын жана тарыхтын өнүгүшүндөй эле идеялардын логикалык өнүгүшү да ошол эле фазалар боюнча жүрөт, ал асман жылдыздарынын аберрациясы сыяктуу жер планетасынын кыймылын кайталайт».
Ошол эле убакта ал мындай деп көрсөтөт: «материалист-метафизиктер таптакыр өздөрү ойлогондорду жазышкан эмес, алар маселенин ичкерки жагына тийген эмес, сырткы процесстер жөнүндө гана сөз кылышкан, алар аны бир кыйла туура сүрөттөшкөн, алар менен эч ким талашып-тартышпайт, бирок алар ушуну менен бүттү деп ойлошуп, жаңылышкан: механикалык космология — ньютондун көз карашы болгондой сезимдик ойлом теориясы өзүнчө бир механикалык психология болгон... Жалпы эле материалисттер акыл-эстин обьективдүүлүгүн эч түшүнө алышкан эмес... Аларда бытие менен ойлом же ажырап кетет, же бири-бирине сырт тарабынан таасир көрсөтүшөт» [Ошонун өзүндө. 278-280-6.].

Памятник Герцену во дворе МГУ

Социализмди кабыл алышы[оңдоо]

Герцен батыштык багытка таандык болгон, славянофилдерди православиени идеалдаштырганы жана падышалык жеке бийликти колдогондугу үчүн кескин сынга алган. Бирок, 1848-жылдагы революция басылып ташталгандан кийин Герцендин Батыш Европадан бир аз көңүлү кайт болуп, эми ал орус кыштак жамаатында социализмдин түйүлдүгү бар деп эсептей баштайт. Словянофилдердин айрым бир жоболорун кабыл алат. 1851-жылы «Москвалык панславизм жана орус европеизми» деген макаласында ал славянофилдердей эле биз да социализмди кабыл алабыз, «бул биз бирибизге бирибиз кол берише турган көпүрө» деп жазат. Бирок ал социализмге башкаруунун жана социалдык мамилелердин өркүндөгөн формасы катарында караган эмес, ал «социализм баардык өзүнүн фазаларында акыры түбү оор натыйжаларга жана маанисиздикке чейин өсүп жетет» деп жазган. Ошондо революциячыл азчылыктардын алп көкүрөгүнөн кайрадан тануу (отрицания) урааны жаңырып чыгат жана кайрадан кандуу күрөш башталып, бул күрөштө социализм азыркы консерватизмдин ордун ээлейт жана ал келечектеги, бизге белгисиз болгон революция тарабынан жеңилет» [Ошонун өзүндө. Чыгарм., II т. 102-103-6.]. 1869-жылы жазылып, М.Бакунинге арналган «Эски жолдошко кат» деген макаласында ал мурдагы революциячыл жолдорго ишенбей турганын жазып, коомдун акырындык менен өнүгүү жолун сунуш кылат.



Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8