Герц, Генрих Рудольф

Wikipedia дан
Heinrich Rudolf Hertz
Heinrich Hertz.jpg
Генрих Герц
Туулган жылы:

22 -февраль 1857(1857-02-22)

Туулган жери:

Гамбург, Германия

Каза болгон жылы:

1 -январь 1894(1894-01-01)

Каза болгон жери:

Бонн, Германия

Өлкө:

Германия

Илимий чөйрөсү:

Физика, Электротехника

Иштеген жери:

Киль университети
Карлсруэ университети
Бонн университети

Альма-матер:

Людвиг Максимилиан атындагы Мюнхен университети
Гумбольдт атындагы Берлин университети

Илимий жетекчиси:

Гельмгольц

Кол тамгасы

Кол тамгасы

Ге́нрих Ру́дольф Герц (нем. Heinrich Rudolf Hertz;,22-февраль 1857-жыл, Гамбург1-январь 1894-жыл, Бонн — немис физиги.

Берлин университетин бүтүргөн, ал жерде анын окутуучулары Герман фон Гельмгольц жана Густав Кирхгоф болгон. 1885-жылдан 1889-жылга чейин Карлсруэ университетинде физика профессору болуп иштеген. 1889-жылдан баштап — Бонн университетинде физика профессору.

Негизги жетишкендиги — Джеймса Максвеллдин жарыктын электромагниттик теорииясын эксперимент аркылуу далилдөө. Герц электромагниттик толкундардын бар экендигин далилдеген. Ал электромагниттик толкундардын чагылуусун, интерференциясын, дифракциясын жана поляризациясын ачкан, алардын ылдамдыгынын жарыктын таралыш ылдамдыгы менен бирдейлигин жана жарыктын электромагниттик толкундардын эле бир түрү экендигин тапкан. Герц кыймылдагы нерселердин электродинамикасын түзгөндө, эфир кыймылдагы нерселерге илешип кетет деп натуура ойлогон. Тажрыйбада анын электродинамикасы далилденген эмес, жана кийин Хендрик Лоренцтин электрондук теориясына орун бошоткон. Герцтин ачкандары кийин радионун өнүгүшүнө негиз болгон.

1886—87-жылдарда Герц сырткы фотоэффект кубулушун ачкан жана баяндап жазган. Герц резонанстык контур теориясын түзгөн, катод нурларынын касиеттерин үйрөнгөн жана ультрафиолет нурларынын электрдик разрядга таасирин изилдеген. Механикадагы айрым эмгектеринде серпилгич шарлардын урунушуу теориясын баяндаган, урунушуу убактысын эсептеп чыккан ж.у.с «Механиканын принциптери» деген китебинде (1894) механиканын жалпы теоремаларын чыгарган жана бирдиктүү принциптен (Герц принциби) келип чыгуучу математикалык аппаратын түзгөн.

Жыштыкты ченөөнүн бирдиги 1933-жылдан бери Герцтин ысмын алып жүрөт жана эл аралык метрдик СИ системасына кирет.

Алгачкы жылдары[оңдоо]

Генрих Рудольф Герц 1857-жылдын 22-февралында Гамбургда, оокаттуу жана маданияттуу ганзейлик үй-бүлөдө туулган.

Анын атасы Густав Фердинанд Герц (1827—1914), адвокат жана 1887—1904-жылдарда сенатор болуп турган, Давид Густав Герц аты менен бай еврейдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Густав Фердинанд Герц бай коммерсант жана 1860-1862-жылдарда[1] Гамбургдун шаардык кеңешинин мүчөсү болгон, энеси - Бетти Августа Оппенгейм (1802-1862)[2][3], Соломон Оппенгейм (1772-1828) деген Кельн[4]дик азыр да иштеп жаткан Sal. Oppenheim банкын негиздеген ири банкирдин кызы болгон. Генрих Герцтин атасы дагы, чоң атасы дагы иудейликтен лютеран.[5] динине өтүп кетишкен.

Генрих Герцтин энеси, төрөлгөн аты Анна Элизабет Пфефферкорн (1835—1910), Майндагы Франкфурттук аскер врачы Йоханнес Пфефферкорн (1793—1850) менен Сузанна Гадройтердин (1797—1872) кызы болуптур. Генрихтин 3 иниси жана1 карындашы болгон.

Генрих Герц гимназияда жана кийин Гамбург университетинде окуп жүргөндө эле, араб жана санскрит тилдерин үйрөнүп алып, илимдерге жана тилдерге жөндөмүн көрсөткөн. Илим менен техниканы Дрезденде, Мюнхенде жана Берлинде окуп үйрөнүп жүргөнүндө, Кирхгоф менен Гельмгольцтун шакирти болот. В 1880-жылы Герц Берлин университетинде философия доктору наамын алат, жана Гельмгольцтун шакирти болуп докторантурада окуусун улантып калат. В 1883-жылы году ал Киль университетинде теориялык физика боюнча лектор болот, ал эми 1885-жылы Герц Карлсруэ университетинде толук профессор болуп калат. Ал электромагниттик толкундар тууралуу ачылыштарын ушул жерде жасайт.

Метеорология[оңдоо]

Герц дайыма метеорологияга терең кызыгуучу, балким, буга анын Вильгельм фон Бецольддон окуганы (ал 1878-жылдын жайында Мюнхен Политехникумунда лабораториялык курс боюнча Герцтин профессору болгон) себеп болсо керек. Бирок Герц бул областка, Берлинде Гельмгольцга ассистент болуп жүргөндөгү айрым алгачкы макалаларын эске албаганда, анча чоң салым киргизген эмес. Буларга суюктуктардын бууланышын изилдөө, гигрометрдин жаңы түрүн, жана адиабаттык өзгөрүүлөргө учураган нымдуу абанын касиеттерин аныктоо үчүн графикалык каражаттарды иштеп чыгуу кирет.

Тийишип аракеттенишүү механикасы[оңдоо]

1881—1882-жылдары Герц кийин {0тийишип аракеттенишүү механикасы деп аталган тематика боюнча эки макала жарыялаган. Герц электродинамикага (төмөндө айтылат) салымы менен белгилүү болсо да, бул эки макала дагы көзгө түшүп калды. Булар маанилүү идеялардын булагына айланды; тийишүүнүн фундаменттик жаратылышы тууралуу сөз козголгон макалалардын көбүндө аларга шилтеме берилүүчү. Жозеф Буссинеск Герцтин эмгектерине бир нече олуттуу кайрылуу жасап, алардын зор маанисин көрсөттү.

Герц бул эмгектеринде, тийишип турган октору симметриялуу эки объекттин жүрүш-турушун изилдейт. Алынган натыйжалар классикалык серпилгичтик теориясы менен туташ чөйрөлөр механикасына негизденет. Анын теориясындагы эң талуу жери - каалагандай жаратылыштагы эки катуу нерсенин серпилгичтик учурунда өзгөчө маанилүү боло турган адгезиясы эске алынбагандыгында. Герцтин учурунда эксперимент аркылуу далилдөө мүмкүн болбогондуктан, мындай эске албоо кечиримдүү эле.

Герц өз теориясын негиздөө үчүн, айнек сфераны линзага жайгаштырганда пайда болуучу Ньютондун эллипстик алкактарын изилдеген. Анын оюнча, сферанын линзага жасаган басымы, Ньютондун алкактарын өзгөрүүгө дуушар кылмак. Герц сферанын линзада пайда кылуучу жылышуусун эсептөөчү эксперимент аркылуу өз теориясын текшерген кезде Ньютондун алкактарын кайрадан пайдаланды. К. Л. Джонсон, К. Кендал и А. Д. Робертс (JKR — фамилиялардын баш тамгалары) бул теорияны адгезия учурунда жылышууну же батуу тереңдигин теориялык жактан эсептегенде Королдук Коомlдун эмгектеринде 1971-жылы жарыяланган.өздөрүнүн «Серпилгич катуу бөлүкчөлөрдүн беттик энергиясы жана тийишүүсү»,аттуу маанилүү макаласына негиз кылып алышкан. Алардын айтканы боюнча, материалдардын адгезиясы нөлгө барабар учурда, Герцтин теориясы келип чыгат.

1975-жылы Б. В. Держагуин, В. М. Мюллер жана Ю. П. Топоровдор (DMT теориясы деп белгилүү болгон) башкача божомолго таянышып, башка бир теорияны түзүштү, анда дагы адгезия нөлгө барабар учурда, Герцтин теориясы келип чыгат.

DMT теориясы,тийишип аракеттенишүүнүн JKR теориясын толуктоочу дагы бир теориясы катары кабыл алынуудан мурда бир нече жолу кайра каралып чыкты.

DMT жана JKR теорияларынын экөө тең тийишип аракеттенишүүнүн механикасынын негизи, аларга бардык тийишип өтүү моделдери жана наножылышуу менен электрондук микроскопиядагы эсептөөлөр таянышат.. Герца лекция окуп жүргөндө өзү анча баа бербеген эмгектери, анын электромагнетизм боюнча улуу ачылыштарына чейин эле, нанотехнологиялар заманына бап келип калды.

Электромагниттик толкундарды изилдөө[оңдоо]

1885-1889-жылдарда Герц Карлсруэlдеги техникалык университетте физиканын профессору болуп иштеди. Так ушул жылдарда ал электромагниттик толкундардын реалдуулугун далилдеген электр күчүнүн таралышы боюнча өзүнүн белгилүү тажрыйбаларын жүргүзгөн болучу. Герц пайдаланган аппаратура азыр өтө эле жөнөкөй көрүнөт, бирок ошондон улам алынган натыйжалардын мыктылыгы билинет. Андагы электромагниттик нурдануунун булагы - разряд бергичтин учкундары эле. Разряд бергичтин электромагниттик толкундары резонансы туураланган контурдан бир нече метр аралыкта жайгашкан "кабылдагычтын" шарчаларынын ортосунда учкун разряддарын пайда кылган. Герц толкундарды, анын ичинде тике толкундарды дагы, тапты, алардын таралыш жана чагылышуу ылдамдыктарын, сынышын жана поляризациясын изилдеди.. Мунун баары оптикага окшошуп кетет, айырмасы (маңыздуу жери!) - толкундардын узундугу миллиард эсе дээрлик чоң экендигинде.

Герцтин 1887-жылкы эксперименттик аппараты.

Герц Радиобергич и. Румкорфтун чыгырыгынын (термелүүчү контурду ачкычтык үзгүч менен дүүлүктүрүүчү).негизинде жасалган
Булактан чыккан ток чыгырык аркылуу өтүп, анын темир өзөгүн магниттейт, жана кыймылдуу тийиштиргичти өзүнө тартат. Ошентип, чынжыр үзүлөт, ал эми магнит талаасы жоголгондо тийиштиргич кайра туташат. [6] Тажрыйбаларын жүргүзүү учүн Герц өзүнүн кийин «Герцтин вибратору ».деп аталган атактуу электромагниттик толкундарды нурданткычын ойлоп тапкан жана жасаган. Вибратор, учтарына латунь шариктер жана бирден цинк сферасы же конденсатордун ролун аткарган квадраттык пластинка кийгизилген эки жез чыбыктан турат. Шариктердин арасында учкун аралыгын көрсөткөн жылчык болот. Жез чыбыктарга Румкорфтун чыгырыгынын - төмөнкү чыңалуудагы турактуу токту жогорку чыңалуудагы өзгөрмө токко айланткычтын - сырткы чулгоосунун учтары бекитилет. Өзгөрмөлүү токтун импульстары учурунда шариктердин арасында учкун чыгат жана айланага электромагниттик толкундар таралат. Сфераларды же пластиналарды чыбыктар боюнча жылдырып, толкундун узундугун аныктоочу чынжырдын индуктивдүүлүгүн жана сыйымдуулугун өзгөртсө болот.

Герц радиокабылдагычы (учкундуу).
Нурданган толкундарды тутуу үчүн Герц  — учтарында "бергичтикиндей" латунь шариктери жана жылдырма учкун кулачы бар туташпаган сым алкак же туташпаган тик бурчтук рамка түрундөгү - эң жөнөкөй резонатор ойлоп тапты.

Жүргүзгөн тажрыйбалардын натыйжасында Герц, эгер генератордо жогорку жыштыктагы термелүүлөр болсо (анын разряддык кулачында учкун чыгат), анда резонатордун разряддык кулачында 3 м аралыктан да кичине учкун чыгып турарын көрдү. Ошентип, экинчи чынжырдагы учкун биринчи чынжыр менен эч кандай тийишүү жок учурда пайда болду. Герц генератор менен кабылдагычтын өз ара ар кандай абалдарында көп тажрыйбаларды жасап көрүп, чектүү ылдамдык менен таралуучу электромагниттик толкундардын барлыгы тууралуу жыйынтыкка келет. Алар өзүн жарык сыяктуу алып жүрөбү? Герц бу божомолду тыкандык менен текшерген. Чагылуу жана сынуу закондорун изилдеп, поляризацияны таап жана электромагниттик толкундардын ылдамдыгын ченегенден кийин ал булардын жарык толкундары менен толук окшоштугун далилдеди. Булардын баары 1888-жылы декабрде чыккан «Электр күчү бар нурлар тууралуу» деген эмгегинде баяндалган. Бул жыл электромагниттик толкундардын ачылган жана Максвеллдин теориясы эксперименттик далилдөөдөн өткөн жыл деп эсептелет.

Өз тажрыйбаларына таянып Герц төмөнкү корутундуларга келди:

  • 1. Максвелл толкундары «синхрондуу» (радиотолкундардын таралуу ылдамдыгы жарыктын ылдамдыгына барабар деген Максвелл теориясынын тууралыгы);
  • 2. Электр жана магнит талаасынын энергиясын сымсыз берүүгө болот.

1887-жылы тажрыйбалар бүткөндөн кийин Герцтин «Өтө тез электр термелүүлөрү тууралуу» деген биринчи макаласы, ал эми 1888-жылы «Абадагы электродинамикалык толкундар жана алардын чагылышы тууралуу" деген орчундуу иши чыкты.


1187-жылкы теориялык эксперименттин натыйжасы.

Герц өзүнүн ачылыштарын Максвеллдикинен пайдалуу эмес деп эсептеген: «Булар эч пайдасыз. Менин ишим жөн эле маэстро Максвеллдики тууралыгын далилдеген эксперимент. Биз көзгө көрүнбөгөн сырдуу электромагниттик толкундарга ээбиз, алардын бар экени чын». «Дагы эмне дейсиз?» — деп сураптыр бир студенти. Герц бой көтөрбөгөн жөнөкөй адам болгондуктан, ийнин куушуруп, : «Эчтеке дебейм» - деп жооп бериптир.

Бирок, Герцтин ачылыштарын теориялык денгээлде да окумуштуулар дароо жаңы «электр эрасынын» башталышы катары таанышкан.

Генрих Рудольф Герцтин электр толкундары тууралуу эмгеги.

Сырткы фотоэффекттин ачылышы[оңдоо]

Өз тажрыйбаларында учкун жакшы көрүнсүн үчүн Герц кабылдагычты караңгы кутуга салыптыр. Анда ал кутудагы кабылдагычта учкундун узундугу кыскарып калганын байкайт. Ошондо Герц ушул багытта эксперимент кыла баштайт, мисалы, ал бергич менен кабылдагычтын арасына ар кандай материалдан экран коюп, натыйжада учкундун узундугу кандай болорун изилдеп көрөт. Герц кээ бир материалдардан электромагниттик толкундар өтүп кетерин, айрымдарынан кайра чагыларын байкайт; келечекте бул радардын пайда болушун шарттады. Герц мындан тышкары, дүрмөттөлгөн конденсатордун пластинкаларына ультрафиолет нур бергенде, ал өзүнүн дүрмөтүн тез жоготорун байкаган. Алынган натыйжалар физикада фотоэффект деген кубулуштун ачылышына алып келди. Кийин Альберт Эйнштейн бул кубулуштун теориялык негизин таап, мунусу үчүн 1921-жылы Нобель сыйлыгын алды.

Өлүмү[оңдоо]

Генрих Рудольф Герцтин мүрзөсү.

1892-жылы Герцтен инфекция (олуттуу мигренден кийин) табылат. Айыктыруу учүн ага бир нече жолу натыйжасыз операция жасашат. Ал 36 жашында Бонндо каны ириңдеп дүйнөдөн кайтат. Герц Гамбургда Ольсдорф көрүстөнүнө коюлат.

Карлсруэ Технологиялык институтундагы Герцтин мемориалы

Анын аялы Элизабет Герц (кыз кезиндеги аты Элизабет Долль) кайра турмушка чыккан эмес. Герцтен Джоанна жана Матильда деген эки кыз калды. Үчөө тең 1930-жылдарда Гитлер бийликке келгенден кийин Англияга көчүп кетишкен. 1960-жылдарда Чарльз Зускинд Матильдадан интервью алып, анысын кийин Генрих Герц тууралуу китебине кошкон. Зускинддин китеби боюнча Герцтин кыздары турмушка чыккан эмес, ошондуктан андан тукум калган жок.. Матильда Кармен Герц (1891—1975), атасы өлгөндө 3 жашта эле, кийин белгилүү психолог болду.

Герц лютеранин болгондуктан, өзүн еврей дебесе керек, бирок нацисттер анын портретин Гамбургдун ратушасындагы ардактуу ордунан "еврейдин каны бар" деп алып коюшкан.

Мурасы[оңдоо]

ГФРдын эстелик почта маркасы. 1957
ГФРдын эстелик почта маркасы. 1994

Г. Герцтин бөбөгү — Густав Людвиг Герц (1887—1975) — белгилүү физик жана Нобель сыйлыгынын ,лауреаты болду, анын уулу — Карл Хельмут Герц (1920—1990) болсо — медициналык сонографиянын түзүүчүсү.

18-декабрь 1897-жылы радиону ойлоп тапкандардын бири — Александр Попов — приборго туташтырылган телеграф аппараты менен «Генрих Герц».деген маалымат берди. Булар - радио.аркылуу берилген эң биринчи сөздөр эле.

1930-жылы Эл аралык Электротехникалык Комиссия Герцтин урматына жаңы чен бирдикти — убакыттын бирдигинде кайталануучу окуялардын сандык ченеми катары пайдаланылуучу (аны «циклдердин секунддагы саны" деп да коюшат) - Герцти (Гц) киргизди. Ал Эл аралык ченемдер жана салмактар бюросу тарабынан 1964-жылы СИ системасындагы жыштыктын бирдиги болуп кабылданды.

1969-жылы Чыгыш Германияда Генрих Герцтин урматына эстелик медаль чыгарылган. 1987-жылы IEEE «Герцтин толкундарын изилдөөдөгү артыкча жетишкендиги үчүн» жыл сайын теоретик-окумуштууларга жана экспериментчилерге.ыйгарылуучу Генрих Герц Медалын түзүштү.

Герцтин урматына Айдын аркы бетинин чыгыш тарабында жайгашкан кратерди аташты. Нижний Новгороддо, Россияда, Герцтин урматына радиоэлектрониканын шаардык базарын аташты. Гамбургдагы теле-радиокоммуникациялык мунара дагы шаардын атактуу уулунун урматына аталган.

Сыйлыктары[оңдоо]

1889-жылы Неаполдогу Италия илимдер коому аны Маттеучи атындагы медаль менен сыйлаган, ал эми Париж илимдер академиясы — Лаказ сыйлыгын берген, Венадагы императордук академия болсо — Баумгартнер сыйлыгын ыйгарган. Кийинки жылы Лондондогу королдук коом Герцти Румфорд медалы менен, ал эми 1891-жылы Туриндеги Королдук академия Бресстин сыйлыгы менен сыйлайт. Пруссия өкмөтү аны Таажы ордени менен сыйлаган. Булардан тышкары, Герц япондук Ыйык кенч орденине татыктуу болгон.

Герцтин урматына ГДР чыгарган 5 маркалык тыйын.

Чыгармалары[оңдоо]

  • Герц Г. Р. Исследования о распространении электрической силы. М.-Л., 1938.
  • Герц Г. Р. Принципы механики, изложенные в новой связи. М.: Изд. АН СССР, 1959.


Дагы кара[оңдоо]

  • Герц (чен бирдик)
  • Радиобергич
  • Радиокабылдагыч

Эскертүүлөр[оңдоо]

  1. Генрих Давид Герцтин агасы, физиктин чоң атасы, — Вольф Герц (1790—1859) — 1825—1831-жана 1841—1848-жылдарда Гамбургдагы еврей коомунун председатели болгон.
  2. Betty Oppenheim
  3. Кара. Оппенгейм үй-бүлөсү
  4. Бетти Оппенгейм, ири герман банкирлери Симон Оппенгеймдин (1803—1880) жана Авраам Оппенгеймдин (1804—1878) карындашы болгон.
  5. Biography of Heinrich Rudolf Hertz
  6. http://www.cqham.ru/wrx5.htm Рис.5.1.

Шилтемелер[оңдоо]

The file you uploaded seems to be empty. This might be due to a typo in the filename. Please check whether you really want to upload this file.