Гидролокатор

Википедия дан

Гидролокатор (гидро... жана латынча locatio – жайгаштыруу) – гидролакациялык станция суу алдындагы же жарым-жартылай чөктүрүлгөн объектилердин (суу алдындагы кайыкты же суу үстүндөгү кемени, балыктарды) ордун үн сигналынын жардамы менен аныктоочу гидроакустикалык станция (прибор). Гидролакатор негизинен үн сигналын жиберүүчү, кабыл алуучу жана керектүү параметрлерди эсептөөчү бөлүктөрдөн турат. Анын иштөө принциби суу алдындагы нерсеге карай үн сигналын жиберип, ал чагылдырган сигналды кабыл алуу менен сигналдын барып жана чагылып келген убактысын так ченөөгө негизделген. Гидролокатордун жардамы менен суунун алдындагы нерсеге чейинки аралыкты жана ал нерсе канчалык тереңдиктен орун алганын гана эмес, нерсенин кайсы багытта, кандай ылдамдык менен жыла турганын да аныктоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]