Гидроцефалия

Википедия дан
Гидроцефалия менен ооруган баш соок

Гидроцефалия (байыркы грек. ὕδωρ — суу жана κεφαλή — баш) — баш сөөк көңдөйүнө жүлүн суусунун толушунан пайда болгон балдар оорусу. Гидроцефалия адатта мээде жүлүн суусу ашык иштелгенде же сезгенүүдө, шишикте жана башка себептерден улам мээ карынчаларынан жүлүн суусу агып чыкчу тешик бүтөлүп калганда болот. Гидроцефалия өөрчүү мезгилине жараша тубаса жана кийин пайда болгон болуп айырмаланат. Кош бойлуу аял котон жара жана токсоплазмоз менен ооруса тубаса гидроцефалия, ал эми бала төрөлгөндөн кийин менингит, менингоэнцефалит оорулары менен ооруса, башы травмага учураса жана уулангандан кийин пайда болгон гидроцефалия болушу мүмкүн. Кээде жүлүн суюктугу өтүүчү жолдордун тубаса өспөй калуусу да гидроцефалияга чалдыктырат. Анын белгилери: баш сөөктүн көлөмү чоңоёт, көз чалыраят, көз алмасы тез-тез кыймылдайт (гистагм), кээде көрүү жана угуу начарлайт жүрөк айланат, баш ооруйт ж. б Айрым учурда гидроцефалия бала курсакта кезин де эле башталат, баланын башынын чоңоюп кетиши төрөттү кыйындатат.

Оору улам күчөп, баш чоңоё берет. Бети чүрүшүп, чекеси дөмпөйүп көздөрүн жаап тургансыйт. Баш көңдөйүндөгү суюктуктун басымы жогорулагандыктан баш сөөктөрү бириккен жеринен ажырап, сөөгү жукарып жана баланын эмгеги чоңоёт. Ошонун натыйжасында мээ начар тамактанат да, анын ткандарынын түзүлүшү өзгөрүп жабыркайт, көлөмү кичирейет. Бала кеч басат, башын кармай албайт, кээде шал болот. Кара куш мээ жабыркаса, кем акылдыкка дуушарлантат.

Ооруну дарылоо үчүн баш сөөк көңдөйүндөгү жүлүн суюктугун жана денедеги сууну азайтуучу дарылар берилет. Оору күчөсө жүлүндөн суу алынат.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8