Гидроциклондор

Википедия дан

Гидроциклондор борборго умтулуучу күч негизинде суспензияны ар түрдүү фракцияларга бөлүү, тундуруу, суюк фазаны газдан арылтуучу жана бөлүүчү аппараттар. Бөлүнө турган суюктуктар тангенциалдык абалда берүүдө борборго умтулуучу күч негизинде белгилүү талаа пайда болот. Тыгызд. чоң, башкача айтканда концентрациясы көп заттар конустук цилиндр каптал бетине тартылат, ал эми ядродогу суюктук (газдар) акырындап катуу бөлүкчөдөн арылып, аппарат үстүнкү жагынан, катуу заттар алдынан чыгарылат. Диаметри 10-2000 мм, өндүрүмдүүлүгү 0,05-4000 м3/с Г. кендерди байытууда, иштетүүдө кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]