Гилозоизм

Википедия дан

Гилозоизм (грек. hule – зат, материя жана zoe – тиричилик) – бардык материялардын жаны бар деп эсептеген философиялык окуу.

Ал жаратылыштагы бардык нерселерде сезүү, туюу, кабылдоо, ойлоо касиети бар деп эсептейт. Мисалы: байыркы грек философу Фалес магниттин темирди өзүнө тартуу касиетинен улам анда «жан» бар деп баамдаган. Ушул эле ойду ал кездеги башка ойчулдар да айткан.

Ал эми материалисттик философия сезип-туюу касиетин жогорку өнүккөн органикалык материянын гана касиети деп карайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]