Гипербола

Wikipedia дан

Гипербола (гр. hyeperbole — апыртуу) — көркөм чыгармада окуянын, нерсенин, каармандын тигил же бул касиетин апыртылып сүрөттөө ыкмасы. Кыргыз адабият таануу илиминде кээде «апыртуу» деген котормосу да колдонулуп жүрөт. Г. айрыкча оозеки көркөм чыгармаларда, анын ичинде чыгыш доору байыркы мезгилдерге таандык эпостордо өтө кеңири пайдаланылат. Эпостун байыркылык касиетин Г. да мифология сыяктуу эле белгилеп, чектен тыш апыртып сүрөттөө менен чыгарманын таасирдүүлүгүн, кооздугун жогорку нокотуна жеткирет. Башка элдердин эпосторундай эле “Манас” эпосунун окуяларынын, образдарынын Г. менен берилиши мыйзам ченемдүү көрүнүш. Г. «Манаста» ар түрдүү формада, ар башка мааниде кеңири учурайт: Г.-салыштырруу, Г.-градация, Г.-гротеск. Окуяларды сүрөттөө амалы катары Г. эпостун ары кызыктуу, ары көркөм болуп, каармандарынын образдарын дагы терең ачылышын шарттайт. Эпос — чагылдырган доорлордун мүнөзүнө ылайык элдин жашоо-турмушун, үмүт-тилегин, кубанычы менен кайгысын, жек көрүүсү менен кайратын кенен сүрөттөгөн чыгарма. Эпостогу реалдуулук баарыдан мурда чыгарманын идеялык мазмунунан, элдин сырткы жана ички душмандар менен кагылыш кармаштарынан, уруулук тирешүүлөрдөн, каармандардын иш-аракетинен, өз ара мамилелеринен ачык көрүнөт. Баатырлардын төрөлүшү, адаттан тыш тез чоңоюп, эр жетиши, алгачкы эрдиги, жоо кийимдеринин, тулпарларынын сыны, курал-жарактарынын жасалыш сыры, касиети, баатырлардын каары, жекеге чыгышы, массалык салгылашуунун жүрүшү, ошондой эле каармандардын жай турмуштагы жүрүш-турушу, айлана-чөйрөсү Г-лаштырылып сүрөттөлөт. Мына ушундай апыртуу аркылуу эпостун каармандарына ар бирөөнө адам тең келгис алптын элеси берилет. Ошол алптардын алпы — Манас, Семетей, Сейтек. Манастын тула боюнун зорлугу, адаттан тышкары күчтүүлүгү, душманына каардуу, ырайымсыз көрүнүшү, сүрү эпосто мындайча сүрөттөлөт: «Жалаяк ооз, жар кабак, айбаты катуу, жүзү заар, кең көкүрөк жоон билек, жооруну калың, таш жүрөк, бөрү кулак жолборс төш» баатыр. Ал каарданганда «күркүрөшү күн болуп, бетинен чыккан түгү, беш байпактык жүн болуп», чоңдугу «опол тоодой күчүнө «тоо туруштук бере албайт. Каарданып жоону бет алганда капталынан «кара чаар жолборс чамынып», астынан караганда «ажыдаар сүрү көрүнүп, артынан миң сан колдун элеси» кылкылдайт. Андай учурда Манас «каалгадай тиштүү болуп», «оозунан түтүн буркурап, көзүнөн жалын шыркырайт». Семетей баатырдын образындагы Г-лык сүрөттөөлөр да ушундай эле салттык салыштыруу, эпитет өңдүү көркөм каражаттардын жардамы менен түзүлгөн. Эпостогу Алмамбет, Бакай, Кошой, Чубак, Сыргак, Күлчоро, Каныкей, Айчүрөк, Куялы жана башкалар каармандардын эрдиктери да Г-нын жардамы менен башкача касиеттеги каармандар катары апыртылып сүрөттөлөт. Бирок «Манастагы» Г. реалдуулук менен шартталган. Апыртуунун, ашыра сүрөттөөнүн да өзүнчө ченеми бар. Кандайдыр бир көрүнүш же каарман апыртылып сүрөттөлгөндө көпчүлүк учурда реалдуулуктун чегинен чыгып кетпейт. Анын үстүнө өтө эле ашкан, чектен тыш өлчөм оң каарманга эле эмес, тескери көрүнүшкө, терс каармандарга (жалгыз көздүү Макел дөө, Жолой, алп катын Канышай, Ороңгу жана башкалар) да таандык. Мисалы, Макел дөөнү манасчылар өтө апыртып, шумдуктантып сүрөттөшөт. Макел дөө көзүнө эмне көрүнсө ошону жейт. Жылан көрсө жылып жейт, курт-кумурска терип жейт, бир булакты бир ичет... Алмамбетке Макел дөө түз жерде тоо пайда болгондой, тоо жылып келе жаткандай көрүнөт... Алмамбет, Чубак экөөлөп зорго Макел дөөнү өлтүрүшөт. Бир жагына таш артып, бир жагына Макел дөөнүн башын артып, Чубактын тулпары көтөрө албай коёт. Макел дөөнүн зорлугун манасчылар айрыкча апыртып, сатиралык мүнөздө көркөм сүрөттөшөт. Бирок ашкан кара күчүнө, зор тышкы көрүнүшүнө карабастан, эпосто негизги душман элдин эркиндигине зор коркунуч туудурган башкы душманы — Коңурбай, Жолой, Нескара баатырлар. Бул образдар эпостун өнүгүшүнүн бардык этаптарынан өтүп бизге жеткендей. Манасчылар терс каармандарга мүнөздөмө берүүдө бир катар салттык көркөм ыкмаларды, анын ичинде Г-ны пайдаланышат, аларга дайыма кайрылышат. Бөтөнчө калмак балбаны Жолой, анын тышкы көрүнүшү Г. аркылуу айрыкча көркөм сүрөттөлөт:

Эки ийнине караса,

Эки киши конгондой.

Эки бетин караса

Эки даңгыт тойгондой (Сагымбай Орозбаков, 1. 72).

Терс мүнөздөмө берилгенде портреттин ар бир деталына чейин Г-лаштырылып, салыштырылып айтылат: «колдору бийик теректей, балтыры өгүздөй, мурдунан чыккан илеби Ала-Тоонун желиндей». Терс каармандардагы эпсиз чоң өлчөм, ыксыз кара күч акылдын өспөгөндүгүн, чектелгендикти, олдоксондукту, ырайы сууктукту, жалпы эле одоно терс сыпатты билдирет. Оң каармандар сүрөттөлгөндө апыртуу реалдуулуктун чегинен чыкпайт жана бул учурда да Г. салыштыруу формасына ээ болгонун байкоого болот. Эл ичинен чыккан баатыр же көптүн бири болгон оң каарман сан жана кара күч жактан алда канча жогору турган душманга тайманбай каршы турушу, белгисиз жолго сапар тартып, коркунучтуу күчтөр менен кармашышы эпостордогу адаттагы көрүнүш. Бул байыркы адамдардын өз чыгармасын көркөмдөтүүдөгү өзгөчө ыгы, окуя, көрүнүштөрдүн көркүн ачып, кызыктуулугун арттыруунун каражаты, көркөмдөткүч куралы катары милдет аткарат. Ошон үчүн эпос канчалык байыркы доорлорго таандык болсо анда ашыра сүрөттөө, апыртуу — Г. ошончолук кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4