Гипертиреоз

Википедия дан

Гипертиреоз (гиперден жана лат. (glandula) thyreoidea — калкан без (кекиртектеги)) — калкан сымал бездин күчөп иштеши. Ал диффузиялык ууландыруучу богоктун белгилеринин бири. Ар кандай физиологиялык абалда (кош бойлуу, жыныстык жетилүү, климакс убагында), ошондой эле ар кандай оорулардан (кургак учук, кызыл жүгүрүк ж.б.), психикалык күч келүүдөн пайда болушу мүмкүн.

Гипертиреоздун белгилери: кан тамыр тез кагып, тер басат, кол калтырайт, арыктайт, бат чарчайт, зат алмашуу бузулат. Диффузиялык ууландыруучу богокту дарылагандай дарылайт. Гипертиреоз башка оорулардын белгиси болсо, ошол ооруну дарылоо керек.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8