Гиссар маданияты

Википедия дан

Гиссар маданиятыТажикстандын түштүк батышындагы Кафирниган жана Вахш өрөөндөрүндөгү соңку неолит дооруна таандык (биздин заманга чейинки 6–3 миң жылдык) байыркы аңчылардын маданияты. Анын эң ири эстеликтери Туткаул (Дүйшөмбүнүн түштүк-чыгышында), Куй-Вульен (Куляб шаарында) жана Кыргызстандын Алай кырка тоосунда. Гиссар маданиятына тиешелүү турак жайлар сууга жакын тектирлерде жайланышкан. Асты шыбалган үй, анын ичинде очоктордун калдыктары, оттук таш тегинен жылмаланып жасалган балта, ошондой эле кыргыч, бычак сымал одоно жасалган таш куралдар табылган. Бул учурда жаңы куралдар менен бирге архаикалык, төмөнкү таш дооруна мүнөздүү куралдар колдонулган. Эл негизинен аңчылык кылып, мал баккан. Дыйканчылык кылгандары да болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]