Гликол кислотасы

Википедия дан

Гликол кислотасы, оксиуксус к-тасы, НО-СН2-СООН – эң жөнөкөй алифаттык оксик-та. Жыты жок, түссүз кристалл. Мол. масс. 76,06; балкып эрүү t 79,80оС. Сууда, орг. эриткичтерде жакшы эрийт. Быша элек жүзүм, кызылча курамында кездешет. Г. к-тасы өнөр жайларда хлоруксус к-тасын гидролиздөөдөн же козукулак к-тасын электр тогу менен калыбына келтирүүдөн, аминуксус к-тасына нитрит к-тасын таасир кылуудан, фруктозаны этияттык менен окистендирүүдөн алынат. Г. к-тасы текстиль жана булгаары өнөр жайларда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]