Глиоксаль

Википедия дан

Глиоксаль, ОНС-СНО – эң жөнөкөй диальдегид, мол. м. 58,04, балкып эрүү t 50,4оС. Катуу жана суюк абалында жашыл түстө. Сууда, спиртте, эфирде жакшы эрийт. Г. сактаганда айрыкча бир аз ным болгондо) жеңил полимерленет. Г. касиеттери альдегиддерге окшош. Абанын таасири менен К2СО3 катышуусунда окистенип, родизон к-тасын, Н2О менен КМnО4 кычкыл эритмеси менен кумурска кислотасын, щелочтуу эритмеси менен козукулак кислотасын пайда кылат. Г. катализатор жардамы менен калыбына келтирүүдө этиленгликолду пайда кылат. Өнөр жай Г. жез катализатору жардамы менен этиленгликолдон суутек мол-сын бөлүп чыгаруу менен же ацетальдегид менен параальдегидди НNО3 менен окистендирүүдөн алынат. Г. гликол к-тасын, имидазолду жана паризин бирикмелерин алууда пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]