Поль Гоген

Википедия дан
Гоген, Поль Эжен Анри‎»‎ барагынан багытталды)

Эжен Анри Поль Гоген (1848, Париж – 1903, Антуона) – француз живописчи. 1870-жылдан өз алдынча сүрөт тарта баштаган. Г. алдынча сүрөт тарта баштаган. Г. чыгармаларынын адепки мезгили импрессионизм менен байланышкан. Кийинчерээк буржуазиялык цивилизациядан четтен, элдик чыгармаларга, Байыркы Грециянын, Байыркы Чыгыштын жана орто кылымдын искусствосуна кызыгат. Жалпыланган образдардын, кубулуштардын сырдуу мааниси издөө (“Үгүт-насыяттан кийинки көрүнүш”, 1888; “Сары Христос”, 1889) Г-дин программасын символизм менен жакындаштырып, аны жана ага кошулган сүрөтчүлөрдү жаңы сүрөт системасын (“синтетизмди”) түзүүгө алып келет. Ал көбүнчө форманы жалпылаштырууга жана жөнөкөйлөштүрүүгө (“Арлдеги кафе”, 1888) көңүл бурат. Г-дин сүрөт системасы Таити аралында (Океания) тарткан чыгармаларында андан ары өнүгөт (“Таитилик пасторалдар”, 1889; “Кечмелик”, 1901). Г-дин чыгармаларындагы түстүн эмоциялык жактан каныккандыгы, декорациялык жана монументтик негиздерди айкалыштыруу, образдардын маанилүүлүгү XX кылымдын башталышындагы көптөгөн сүрөтчүлөрдүн изденүүлөрүнө багыт берген. Г. скульптура, графика, керамика тармактарында да эмгектенген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]