Гомеоморфизм

Википедия дан

Гомеоморфизм - (гомео... жана грекче morphe – форма) – негизги топологиялык түшүнүктөрдүн бири; мейкиндик ортосундагы өз ара бир маанилүү үзгүлтүксүз дал келүүчүлүк. Бул дал келүүчүлүктө аныкталуучу тескери чагылтуу да үзгүлтүксүз болот. Мындай чагылтуу гомеоморфтуу же топологиялык эквиваленттүүлүк деп аталат. Гомеоморфизм топологиялык мейкиндиктин жана үзгүлтүксүз чагылтуулар категориясында изоморфизм объектиси болот. Мисалы, f(x) =функциясы сандык түз сызык R менен (0, 1) интервалынын ортосунда жана тегерек туюк томпок көп бурчтукка гомеоморфтуу, ал эми сфера менен тор бири бирине гомеоморфтуу эмес ж. б. «Гомеоморфизм» терминин француз математиги А. Пуанкаре (1895) киргизген, бирок «Гомеоморфизм» түшүнүгү немис математиктери Ф. Клейн (1872) менен А. Мёбиуска (1863) мурда эле белгилүү болгон. Гомеоморфизмге Д. Гильберт, немец математиги Ф. Хаусдорф ж. б. да зор салым кошкон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]