Гомес, Селена

Wikipedia дан
Селена Гомес
Selena Gomez Signature.svg Selena Gomez
Selena Gomez & the Scene Tour.jpg
Gomez
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Selena Marie Gomez

Туулган датасы

1992-жыл, 22 июль

Туулган жери

АКШ, Техас, Гранд-Прейри

Активдүү жылдары

2002-жылдан бери

Өлкө

Flag of the United States.svg АКШ

Кесиптери

заманбап поп-ырчы, өнөрпоз, актриса, композитор

Аспаптары

гитара

Жанрлары

поп

Расмий сайты

Селена Мари Гомес - (англ. Selena Marie Gomez; 1992-жылы 22-июлда[1]) - АКШлык заманбап поп-ырчы, өнөрпоз.

Мазмуну

Кыскача өмүр таржымакалы [оңдоо]

Селена Мари Гомес (англ. Selena Marie Gomez) 1992-жылы 22-июлда АКШнын Техас штатында туулган.

Поп-ырчы, актриса, сыналгы берүүлөрүндө, көркөм тасмаларда рол аткарган өнөрпоз.

Ал поп-музыка тобун (Selena Gomez & the Scene) да негиздеген.

Атасы Ricardo Joel Gomez мырзанын түпкү теги испан тилдүү өлкө - Мексикадан болот.

Энеси, мурдагы театр өнөрпозу Amanda Dawn "Mandy" Teefey айым болсо, түпкү теги Италиядан чыккан айым.

2008-жылы бул ырчы кыз ЮНИСЕФтин (UNICEF) жакшы тилек элчиси болуп калган.[2][3]

Жеке жашоосу [оңдоо]

АКШда тараган салтка жараша Селена 12 жашында күнөөсүздүк шакегин тагынган. Бул - турмушка чыкканча кыздык намысын сактоого сөз бергендик. Бирок ал шакегин учурда чечип салган.

Селена өзүн жаныбарларга болгон сүйүүсүн жашырбайт, анын үңүндө 5 ити бар; Чип,Вилли, Фиона, Уоллис жана Бейлор.

2010-жылдан бери Жастин Бибер менен болгон жылуу мамилеси азыркы күнгө чейин уланып келет. Жастин Бибердин күйөрман кыздары Твиттер аркылуу Селенага жок кылабыз деген катты жөнөтүүгө чейин барышкан.

Жалпы жыйынтык [оңдоо]

  1. Selena Gomez an IMDb
  2. Selena Gomez and Jake T. Austin on being latin
  3. Teen star Selena Gómez looks beyond Disney

Дискография [оңдоо]

  • Kiss & Tell (2009)
  • A Year Without Rain (2010)
  • When The Sun Goes Down (2011)

Интернеттеги шилтемелер [оңдоо]