Горгий

Википедия дан

Горгий (Х.Т.ч. 480—380) — Леонтинден (Сицилия) чыккан, Байыркы Грецияда софист болгон.

Шаарларды кыдырып, риторикадан сабак берип, өмүр өткөргөн. «Жок нерсе жөнүндө же Жаратылыш жөнүндө» деген трактат жазган, анда төмөнкү үч тезис каралат:

1) эч нерсе жок;
2) эгер бир нерсе бар болсо, анда аны таанып-билүүгө болбойт;
3) бирок, эгерде ал таанылып-билине турган болсо, анда бары бир аны сөз менен сүрөттөөгө жана экинчи бирөөгө сүрөттөп айтып берүүгө да мүмкүн болбойт.


Биринчи жобону Горгий төмөнкүдөй жол менен далилдейт. Адегенде ал болмуш эмес (жок нерсе) жок деп айтат. Ал эми болмуш жөнүндө болсо, ал же түбөлүк бар болуп турган нерсе, же жаралып бар болгон деп айтса болот. Болмуш түбөлүктүү боло албайт, эгер ал түбөлүктүү болсо анын чеги да болбос эле, бул, демек ал эч жерде жок дегендикти билдирет; ал жарала да албайт, эгер ал жаралган болсо анда ал же болмуш эместен, же болмуштан гана жаралып бар боло алмак. Бирок мунун экөө тең мүмкүн эмес, анткени болмуш эместен эч нерсе жаралып бар боло албайт, ал эми болмушан болсо болмуш жаралып бар болбойт, анткени болмуш өзү жашап бар болуп турат. Мына ошондуктан болмуш дегенибиз жок нерсе Горгий кийинки эки тезисти да ушундай эле аргументтер менен далилдейт.

Келтирилген мисал сөздөрдүн маанисин жана алардын ар түрдүү контекстерде өзгөрүлөрүн Горгий канчалык так пайдаланганын көрсөтүп турат. Софисттердин бардык далилдөөлөрү ушундай амалда жүргүзүлөт. Мында риторика искусствосу, адамга сөз менен таасир көрсөтүү чоң роль ойнойт.

Горгий сөздү адамдын эң мыкты куралы деп билет:

«Сөз эң кубаттуу өкүмдар, ал теңирлик иштерди эң эле аз күч жумшап, эң эле байкалбаган иштердин жардамы менен аткарып коёт, анткени ал коркунучту айдап салууга да, кайгыны кууп салууга да, камкорлукту пайда кылууга да, боорукерликти арттырууга да жөндөмдүү келет...»

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8 Archived 2021-07-16 at the Wayback Machine