Иоганн Готфрид Гердер

Википедия дан
Готфрид, Гердер Иоганн‎»‎ барагынан багытталды)
Иоганн Готфрид Гердер
Толук аты-жөнү Иоганн Готфрид Гердер
Англис тилинде Johann Gottfried Herder
Төрөлгөн 25.8.1744
Моронг, Чыгыш Пруссия
Көз жумган 18.12.1803
Веймар, Ыйык Рим империясы

Гердер, Иоганн Готфрид (1744–1803) – немис философ-агартуучу, жазуучу, адабиятчы.

1762–64-жылы Кенигсбергде окуп, Кантты уккан. Канттын акылды сындоо эмгегин четке кагып, ага тааным, билим жөндөмүнүн «физиологиясын» жана акылга караганда тилдин биринчилигин карама-каршы койгон.

Антон Граф. И. Г. Гердердин портрети, 1785.

Мейкиндик жана убакыт жөнүндө түшүнүктү Гердер тажрыйбадан алып чыгарган, материя менен тааным формасынын биримдигин жактаган. Ал ар кыл элдердин рухий маданиятынын өзүнчөлүк касиетин баса көрсөткөн. Коомдун өнүгүшүндө өндүрүш менен илимдин ролу жөнүндө ой болжоо айткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]