Графикти көргөзүүнүн програмдык жабдыгы

Википедия дан

Графикти көргөзүүнүн програмдык жабдыгы (Presentation Graphics Software - Программное обеспечене презентаций). Графикти көрсөтүү слайд (slides) деп аталган документтерди иштеп чыгууга мүмкүндүк берет, алардагы маалыматтарды топ адамадарга көрсөтүү үчүн пайдаланат. Слайддар чоң мониторго же экранга чагылдыруу менен көрсөтүлөт. Графикти көрсөтүү аналитиктик графиктерден башка дагы көрсөтүүнүн кеңири элементтерин сунуш кылат. Графикти көрсөтүү пакеттери камтыган айрым элементтерге төмөнкүлөр кирет:

  • графиктердин көп сандагы типтери;
  • график, текст жана сүрөттөрдүн үч өлчөмдүү көрсөтүлүшү;
  • штрихтөө, көлөкө жана текстур сыяктуу атайын эффектер;
  • үн жана анимация;
  • түстүн регулятору;
  • графиктик сүрөттө-лүштөрдүн жыйындысы, адатта ишкердик багыттагы фабрик, кесип ээлерин ж.б.у.с. лар менен байланышкан сүрөттөрдү камтыйт.

Слайддардан сырткары графикти көрсөтүү програмдар пакеттери көрсөтүүлөр үчүн документтердин башка түрлөрүн түзүүгө мүмкүндүк берет. Аудитория үчүн экиден көп слайддарды камтыган реклам барактары түзүлөт. Көрсөтүү үчүн транспоранттык слайддар да иштелип чыгат жана ар бир баракты сүйлөп жаткан адам колдонот. Мындай слайддарда сүрөт жана слайдды талкуулоодо колдонулуучу каалагандай жазуулар болот. Слайддарды түзүү жана көрсөтүүнү жеңилдетүү максатында графикти көрсөтүүчү програмдар пакеттери колдонулат. Алар слайддарды иреттөөчү каражаттарды камтыйт. Слайдды иреттөөчү каражат экранга фотонун 35 мм түстүү слайддар жадыбалын көрсөтөт. Чычкан же башка орунду башкаруучу түзүлүштү колдонуп, слайддарды каалаган тартипте иреттеп койсо болот. Слайддар керектүү тартипте жайгаштырылгандыктан бирден көрсөтүлүп турат. Ар слайды көрсөтүү убакытысынын мөөнөтү орнотулуп коюлса, анда слайддарды автоматтык түрдө көрсөткөн режим пайдаланылат. Слайддардын көрсөтүү арасында атайын эффектерди киргизүүгө болот, мисалы, бир слайд акырындап жоголору менен экинчи слайд чыгарылат. Графикти көрсөтүүчү програмдык жабдыкты колдонуу менен профессионалдык сапаттагы көрсөтүүлөрдү эффективдүү түзүүгө болот. Графикти көрсөтүүнүн белгилүү пакеттерине Microsoft Power Point, Aldus Persuasion, Lotus Freelance Graphics жана Compel кирет.

Кошумча маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]