Григорий Палама

Википедия дан

Палама Григорий (1296–1359) – византиялык жана чиркөө ишмери; исихазм мистикалык окууну системалаштырган, ал аскет-исихаст экстаз абалында түздөн-түз кудайдын нурун сезип-баамдайт деген тезисти жактаган.

Григорий Паламанын антропологиясы татаал психологиялык байкоону өзүнө камтыйт. Анын идеалы – адам Кудайдын кудурети сыяктуу касиетке ээ. Григорий Палама кийинки византиялык мистикалык салтка зор таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8