Гротеск

Википедия дан

Гротеск (французча grotesgue, италянча grotesco — укмуштуу, grotta — үңкүр; Байыркы Римдеги жер алдындагы үңкүрлөрдөн — гроттордон өсүмдүктөрдүн, айбандардын жана адамдардын сүрөттөрү бири-бирине чырмалышкан укмуштуу оймо-чиймелүү сүрөттөр табылган. Фантастикалык эркин ой жүгүртүүгө жол берген бул күлкүлүү сүрөттөр адабияттагы теориялык терминдин жаралышына негиз болгон) — фантастикага, күлкүгө, гиперболага негизделген көркөм образдуулук. Реалдуулук менен фантастиканын, трагедиялуулук менен комедиялуулуктун, асылдык менен көрксүздүктүн карама-каршылыгы көркөм чагылдырылып, турмуштук көрүнүштөрдү сатиралык ыкмада карикатуралап, апыртып, бирок типтештирип берет. Г. образдуулуктун байыркы түрү болгондуктан бардык элдердин мифологиясында жана архаикасында жолугат. Ал эми эпикалык чыгармаларда көбүнчө идеалдаштырылган портреттик сүрөттөөлөр, башкача айтканда Г-түү сүрөттөө кеңири колдонулат. Ошондой эле “Манас” эпосунда да Г-түү сүрөттөөлөрдү өтө көп жолуктурууга болот. Мисалы, Ороңгунун портрети:
Ороңгу төрдө ороңдоп, Ортосунда чачынын
Отуздай чычкан сороңдоп.
Ороңгу жайын сурасаң,
Отуз калаа улугу,
Зуң кытайдан уругу,
Эркек эмес катындан,
Эрегишкен душмандан,
Далайдын шорун катырган.
Мурду тоонун сеңирдей,
Көзүн көрсөң капырай,
Көп өгөгөн темирдей.
Эриндери калбыйып,
Эки уурту балбыйып,
Көкүрөктө эмчеги
Киндигине салбайып.
Элүү менен кыркыңдын
Ортосунда жашы бар,
Анда-санда ак кирген
Аргамжыдай чачы бар (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 572инв., 440-б.).


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004