Гуань Чжун (легист)

Википедия дан

Гуан Чжун, Гуань Иу (б. з. ч. 645-ж. өлгөн) – байыркы кытайлык саясий ишмер.

Легизмди негиздегендердин бири. Б. з. ч. 685-ж. Ци падышачылыгында биринчи министр болгон; мурастык аристократияны начарлатып, падыша бийлигин бекемдөө багытында бир кыйла реформаны ишке ашырган. Кытайдын тарыхында биринчи болуп мыйзамдардын негизинде, ал өлкөнү башкаруу концепциясын көтөргөн.

Гунаь Чжун айткандарынын негизинде өлгөндөн 300 жыл өткөндөн кийин «Гуань-изы» трактаты түзүлүп, даосизм, конфуциячылык ж. б. мектептердин көз караштары чагылдырылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]