Гудмен, Нельсон

Википедия дан

Гудмен, Нельсон (1906, Соммервилл, Массачусетс штаты) – америкалык философ жана логик. Аналитикалык философиянын өкүлү. Өзүнүн философиялык изилдөөлөрүндө Гудмен «билим алуунун процессин тизмелөөнүн бирдиктүү системасы» логикалык жактан карама-каршылыксыз базисти аныктоого умтулган. Бул максатты көздөп, Гудмен логиканын, математиканын, акыл чындыгын жана илимдин фактыларын, мыйзамдарды чагылта турган тилди жазып чыккан. Ал жалпы түшүнүктөрдү колдонуудан («маани», «тап», «касиет», «зарылчылык» ж. б.) баш тартууну сунуш кылган.

Логикалык эмес терминдерди тандоодо алардын билим алуу процессин түшүнүүдө алардын пайдалуулугун байкоо керек деп эсептеген. Гудмен логика жаатында диспозиционалдык предикаттарды, индукцияны бекемдөө маселелерин талдоонун ыкмаларын иштеп чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8