Дабачы

Википедия дан
Дабачы хан

Дабачы (Табачы, Даваци, Дебачи) – жуңгар ханы (1750–53), Эрдене баатыр коңтаажынын (Куту Көчүн) тукумунан чыккан акыркы хан. Эрдене баатыр коңтаажынын 10 баласы: Сеңге, Галдан Бошокту, Чечен (Цэцен), Баатыр, Дундук Серең ж. б.) болгон. Дабачы Дундук Сереңдин тукумунан чыккан. 1750-ж. кышында Галдан Цэрен хандын жээни, хошут (хошоут) Амирсана хан менен бирге аталаш тууганы Олоң Доржу (Лама-Доржи) ханды өлтүрүүгө катышып, бүт Жуңгарияга хан болгон. 1753-ж. Цин аскери тарабынан колго түшүрүлүп, Пекинде өлтүрүлгөн.

Адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Златкин И. Я. История Джунгарского ханства (1635–1758 гг.). 2-е изд. М., 1983.