Дагстан

Википедия дан

Дагстан (даг - так, тоо), Дагстан РеспубликасыОрусия Федерациясынын субъекти. Орусиянын Европа бөлүгүнүн эң түштүгүндө жайгашкан. Грузия, Азербайжан менен чектешет. Түштүк-чыгышын Каспий деңизи чулгайт.

Негизги маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аянты 50,3 миң км2. Калкы 2,6 млн (2006); негизинен авар, даргин, кумык, лезгин, орус, лат, табасаран, чечен, азербайжан жана башка улут өкүлдөрү жашайт. Динге ишенгендеринин көбү – мусулман. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 52,1 киши. Борбору – Махачкала ш. Шаар калкы 42,7%. Ири шаарлары: Дербент, Хасавюрт, Буйнакск, Кизляр.

Дагстандын жайгашуун картасы.

Акимий бөлүнүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Административдик аймак жактан 41 районго, 10 шаарга, 18 шаарчага бөлүнөт. Түндүк Кавказдын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Эң бийик жери – Базардюзю чокусу (бийикт. 4466 м).

Дагстан, Тоостан.

Климаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Январдын орточо температурасы 1Сден–11Сге чейин (тоолордо), июлдуку 24С (түздүктөрдө). Жылдык орточо жаан-чачыны 200–800 мм. Ири дарыялары: Терек, Сулак, Самур. Ойдуңдары коңур, тоолору тоо-талаа, тоо-токой күрөң жана тоо-шал баа топурактуу. Чөл зонасы тоо ттаянган сайын жазы жалбырактуу (эмен, бук, граб) жана аралаш токой менен алмашат; жогору жагы субальп жана альп шалбаалуу. Табияты калктын жашоо шартына ыңгайлуу. Нефть, күйүүчү газ, таш көмүр, кара, түстүү (жез колчеданы) жана сейрек кездешүүчү (стронций) металлдар, ар түрдүү курулуш материалдары казылып алынат. Минералдык булактары көп. Берикей көлүндө дары баткак кени бар.

Нарын-кала, Дагстан.

Саясий түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Конституциясы 2003-ж. кабыл алынган. Мамлекеттик бийликти Элдик чогулуш (парламент), Мамлекеттик кеңеш, өкмөт жана башка органдар жүзөгө ашырат.

Игали айылы, Дагстан 1875.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дагстандын аймагын адамдар палеолит доорунан эле жердеген. Биздин заманга чейин 1-миң жылдыктын аягында леги, гелы, утин уруулары Чыгыш Закавказьедеги ири мамлекети – Кавказ Албаниясынын курамына кирген. 3-кылымда Түштүк Дагстанды азыркы Дербентке чейин Сасаниддер державасы, ал эми 4-кылымда Дербенттен түндүк жактагы аймактарды хунндар ээлеген. 664-жылдан баштап Дагстандын аймагына арабдардын жортуулдары башталган, багындырылган жергиликтүү элдер ислам динин кабыл алышкан. 12-кылымдын аяк ченинде Дагстанда Авар хандыгы, Казикумут шамхалдыгы сыяктуу бир нече майда саясий бирикмелер түзүлгөн. 13-кылымдын башында моңгол-татарлар басып алган. 14-кылымда Дагстанга бир нече жолу Өзбек, Токтомуш жана Темирдин аскерлери басып кирген. 1813-ж. Гүлстан келишими боюнча Россияга каратылган. Падышалык Россиянын колониялык саясатына каршы тоолуктардын күрөшүн мюридизм урааны менен Дагстандын имамдары – Гази-Магомед (1828–32), Гамзат-бек (1832–34) жана Шамиль (1834–59) жетектеген жана Дагстандын көп чүлүк аймагын, Чеченстанды камтыган теократиялык мамлекет – имамат түзүлгөн. 1817–64-ж. тоолуктардын боштондук үчүн күрөшү басылган жана 1860-ж. Дагстан облусу түзүлгөн. 1918–20-ж. Дагстан немис жана түрк аскерлери, ак гвардиячылар тарабынан басып алынган. 1921-ж. 20-январда РСФСРдин курамында Дагстан АССРи түзүлгөн. 1991-ж. республиканын Жогорку Кеңеши Дагстанды Дагстан Республикасы деп атоо жөнүндө чечим кабыл алган.

Дагстан калктары 1989

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аймактык дүң продукцияда өнөр жайдын үлүшү 15,7%ти түзөт. Башкы өнөр жай тармактары: тамак-аш (шарап жасоого, консервалоого адистешкен; ири өндүрүштөрү: «Дагстан нан азык», «Кизлярагрокомплекс» – сүт азыктары, «Дербент коньяк комбинаты», «Турали» – минералдык суу, «Денеб» – алкоголсуз ичимдик), отун (жылына 0,4 млн т нефть, 700 млн м3 газ өндүрүлөт), машина куруу, металл иштетүү (13,3%), электр энергетика (21,1%), хим., нефть-хим. (3,3%), курулуш материалдар (4,0%), жеңил өнөр жайлары, ААК «Дагвтормет» (металл таштандыларын иштетүү), «Дагогни» айнек заводу иштейт. Айыл чарбага жарактуу жери 3363,0 миң га, аын ичинен 15% айдоо аянты. Дан эгининин аянты 312,5 миң га (анын ичинен буудай 54,5%), тоют өсүмдүктөрү (27,4%), картөшкө, жашылча, бакча өсүмдүктөрү (17,3%) өстүрүлөт. Дагстандын түштүгүндө жылына эки жолу түшүм алынат. Мөмө-жемиш өстүрүү, жүзүмчүлүк өнүккөн. Мал чарбасы эт-жүн, эт-сүт багытында. Кой чарбасы өнүгүүдө (Россияда алдыңкы орунда турат). Темир жолунун узундугу 619 км. Республиканын аймагы аркылуу Ростов – Баку темир жолу, «Кавказ» федерация автомобиль жолу, БакуНовороссийск нефть куур магистралы өтөт. Башкы деңиз порту – Махачкала (Россиянын тоңбогон жалгыз порту), Махачкаладан 20 км аралыкта Уйташ эл аралык аэропорту жайгашкан. Дагстанда 1600 жалпы билим берүүчү мектеп (анын ичинен 58 негизги жана орто билим берүүчү), 38 ЖОЖ (филиалдары менен; анын ичинен 35 мамлекеттик жана Дагстан университетити; 2003), РИАнын Дагстан илимий борбору иштейт. Курорттору: Каякент, Манас, Талги. Театрлар (анын ичинен музыка жана куурчак), филармония, музейлер, китепканалар (анын ичинен азиздер үчүн) бар. Цитадель, эски шаар, Дербент чеби сакталган.

Дагстан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан: энциклопедия