Даль Владимир Иванович

Википедия дан
Владимир Иванович Даль
Туулган жери:

Орусия

Ишмердүүлүгү:

прозаик

Багыты:

реализм

Чыгармаларынын тилдери:

орус

Владимир Иванович Даль (10 [22] ноября 1801 — 22 сентября [4 октября] 1872) - орус жазуучусу, лексикограф, этнограф. Ал 1801-жылы 10(22)-ноябрда төрөлгөн. 1814-жылы Петербург деңиз корпусуна кабыл алынып, аны 1819-жылы мичман чининде бүтүргөн(1819). Кийин Дерпт(азыркы Тарту) университетинин медицина факультетин аяктаган(1829). 1833-жылы Оренбургдагы аскер губернаторунун алдындагы өзгөчө тапшырмаларды аткаруучу кызматында болгон. Орус, казак, башкыр, татарлардын арасында жашап, алардын фольклордук жана этнографиялык материалдарын жыйнаган жана зоологиялык музей ачкан. 1838-жылы Оренбург крайынын флорасы менен фаунасы боюнча коллекция чогултканы үчүн табигый илимдер боюнча Петербург Илимдер Академиясынын корреспондент мүчөлүгүнө шайланган. А.С.Пушкин менен достук мамиледе болгон. 1882-жылы өзү иштеп чыккан орус жомокторун, ылакаптарын басып чыгарган. Казак Луганский деген псевдоним менен аңгеме, повесть жазган. Замандаштары аны жазуучу катары билишсе да, Далдын тарыхта калган эң негизги иши сөздү камтыган "Тирүү улуу орус тилинин түшүндүрмө сөздүгү" болуп эсептелет. Ал бул сөздүктүн (т. 1-4, 1863-1866) үстүндө 50 жылдай эмгектенген. Даль бул эмгеги үчүн Илимдер Академиянын М.Ломоносов сыйлыгы, Орус географиялык коомунун Константин алтын медалына татыктуу болгон. 1863-жылы Илимдер Академиясынын ардактуу мүчөсү болуп шайланган.