Данчы коңуздар

Википедия дан
төлгөбуурчак данчылы (Acanthoscelides obtectus).

Данчы коңуздар (лат. Bruchinae) — коңуздар түркүмүнүн өсүмдүк менен азыктануучу курт-кумурскалар тукуму. Дене узундугу 2—6 ммдей, сүйрү, тоголок же жумуртка сымал, томпок, майда коңуз. Көзү тостогой, башы анча чоң эмес. Муруту 11 муунактуу, канаты кыска. Арткы буту алдыңкы бутунан жоон, узунураак. Жылына бир жолу тукумдайт. Дүйнөдө 1200дөй, анын ичинде КМШ өлкөлөрүндө 120дай түрү белгилүү. Көбүнчө чанактуу, чатыр гүлдүү, чырмоок өсүмдүктөрүнүн уругунда мителейт. Данчы коңуздар күн ачык, жылуу кезде көбөйүп, жумурткаларын өсүмдүк гүлүнө, саадагына таштайт. Андан личинкалары чыгып, саадак кабыгын көзөп, данына кирет. Көпчүлүк данчы коңуздар буурчак, маш буурчак, жасмыкка чоң зыян келтирет. КМШ өлкөлөрүндө данчы коңуздарга тышкы карантин чектелет. Пайдалуу түрлөрү аз. Чырмоокчу данчы коңуздар отоо чөптөрдүн уругун жеп, пайдалуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия