Даргиндер

Википедия дан

Даргиндер (өздөрүн дарган, дарганти деп аташат) – Дагстан Республикасынын жергиликтүү калкы. Россиянын Ставрополь крайында жана Калмакстанда да жашайт. Жалпы саны 365,0 миң адам, анын ичинде (тили, маданияты, турмуш-тиричилиги жагынан жакын кайтаг жана кубачилер менен кошо) 280,4 миңи Дагстанда (2000). Даргин, ошондой эле орус тилинде да сүйлөшөт. Дини – мусулман-суннит. Даргиндер этноними алгач 15-кылымда эскерилет. Даргиндердин негизги кесиби – дыйканчылык, мал чарбачылык, багбанчылык. Байыртан өнүккөн кол өнөрчүлүгү бар. Негизинен тоолуу аймактарда жүн (кездеме, килем, таар жана башка токуу иштери), металл, жыгач, таш жана тери иштетүү кеңири өнүккөн. Кубачи зергерлери курал-жарактары, зeр буюмдары менен даңкталган. Даргиндердин негизги социалдык уюткусун айылдык жамаат түзүп, кичи үй- бүлө түрү калыптанган. Бир тукумдан тараган тухум – үй- бүлөнүн патрилиниялык тобу сакталган. Даргиндер үстү темир же черепица менен жабылган эки же көп кабат үйлөрдө жашашат. Эркектер көйнөк, ыштан, бешмант, черкеска (бели тар, жакасыз, узун чапан), бурка (жеңсиз чапан), тон, булгаары жана кийизден жасалган бут кийим, аялдар көйнөк, кенен шым, тон жана булгаары өтүк, башына күмүш кооздуктар менен жасалгаланган чухта жамынган. Салттуу тамак-ашы – дан, эт, сүт азыктары, Ошондой эле жашылча-жемиштер.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия