Дарендорф, Ральф

Википедия дан


Ralf Dahrendorf (1980)

Дарендорф, Ральф (нем. Ralf Gustav Dahrendorf. Бугу айынын 1-күнүдө 1929 жылы, Гамбург, Веймар республикасы — Кулжа айынын 17-күнүдө 2009 жылы, Кёльн, ГФР)– немис социологу. Дарендорф социалдык стратификация жана конфликттер теориясын иштеп чыккан. Социалдык конфликттер концепциясында таптардын негизги белгисин менчикке эмес, үстөмдүк кылуучулукка жана баш ийүүчүлүккө байланыштырат, бул кайсы гана коомго болбосун тиешелүү болуп, конфликттерге алып келет – деп эсептейт. Негизги эмгектери: «Индустриалдык коомдогу таптар жана таптык конфликттер» (1959), «Конфликт жана эркиндик» (1972).




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8