Даркан (айыл)

Википедия дан
Даркан, Жети-Өгүз району‎»‎ барагынан багытталды)
Даркан
Даркан
Өлкө

Кыргызстан

Облус

Ысык-Көл облусу

Тарыхы жана Географиясы
Калкы
Калкынын саны

6 495 [1] (2009)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Даркан (кырг. Даркан) — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы кыштак. Даркан айыл өкмөтүнө караштуу. Жууку суусунун сол өйүзүндө, Бишкек Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1733 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыштагынан 10 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 172 км. Кыштак 1911-жылы негизделген. Калкы 6407 (2007); негизинен мал чарбасы менен алектенип, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто жана негизги мектеп, бала бакча, медпункт, амбулатория, дарыкана, маданият үйү, китепкана бар.[1]

Даркан айылынын кире бериши.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.