Дарыкана

Wikipedia дан
Дарыкана XIV кылымда

Дарыкана(б.-грек. αποθήκη — сакточу жай, кампа) -дары-дармек, таңгыч материал, оорулууну багуу үчүн керектүү буюм жана башка медициналык товарларды даярдоочу, сактоочу жана берүүчү мекеме. Дарыкана байыркы доордон баштап пайда болгон. Россияда биринчи Дарыкана 1581-ж. ачылган. Дарыкана кызматкерлеринин милдетине дарылардын жарамдуулук мөөнөтүнө көз салуу, капысынан ооруп калган же кырсыкка учурагандарга врач келгенге чейин тез медициналык жардам көрсөтүү (бул максатта дары бекер берилет) кирет. Айыл жерлерде дарыкана кызматкерлери жапайы өскөн дары өсүмдүктөрдү чогултууну уюштурат. Дарыканаларда жогорку жана орто фармацевттик билими бар кишилер иштейт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8